Жакында балдар салттуу офлайн окууга кайтышат, ал эми жолдон жөө жүргүнчү өтүүчү өткөөлдөрдө коопсуздук курч бойдон калууда. Көптөгөн жерлерде жөө жүргүнчү өтүүчү өткөөлдөр жок, эгерде бар болсо да, балдар жолдон өтүүдөн коркушат, себеби айдоочулар сейрек гана жол беришет же ал тургай аларды көрбөйт. Сууктун түшүшү менен тайгак жолдо жолдун аркы өйүзүнө өтүү баарынан коркунучтуу.

Марат Ахмадалиев, Беловодское орто мектебинин биринчи классынын окуучусу мектепке карай жөө басканда 20 мүнөттүк жерде жашайт. Аралык анча алыс эмес, бирок кооптуу – анткени ага күн сайын Бишкек-Ош кайнаган жолун кесип өтүүгө туура келет. Кичинекей Марат мектепке апасынын же коӊшуларынын коштоосунда барат.

«Жолду кесип өтүүдөн абдан коркобуз, айрым унаалар катуу ылдамдык менен жүрүшөт, аз гана айдоочулар балдарды өткөрүшөт, бирок айдоочунун бири ылдамдыгын азайткан болсо, келе жаткан унаа жөө өткөөлгө жол берет дегенди билдирбейт», – дейт Мараттын апасы.

Кайнаган кесилиште 2020-жылдын жазынан тартып жолчырак иштебейт, азыркыга чейин жөө жүргүнчү өтүүчү өткөөл үчүн чийиндер жок, кандайдыр бир тобокелдиксиз жолду кесип өтүү үчүн өткөөлдө убакыт абдан аз.

«Биздин мектеп Бишкек-Ош стратегиялык кан жолунда узатасынан жайгашкан, бул жерде азыр курулуш иштери жүрүп жатат. Бул жакта азыркыга чейин жолчырак иштебейт, жөө жүргүнчү өтүүчү өткөөлдүн чийиндери жок. Азыр унаалар көбөйдү, бирок бардык айдоочулар эле жол кыймылынын эрежелерин сактай беришпейт. Алгачкы долбоордо биздин кеслиште жер үстүнөн өтүүчү өтмөк каралганы эсимде. Ал эми азыр жер үстүнөн да, жер алдынан да өтүүчү өтмөк болбой тургандыгы аныкталууда. Бул жерде жол кырсыгы болбойт деп ким кепилдик берет?», – деп, Беловодское орто мектебинин директору Иманалиев Жайыл балдардын коопсуздугуна танчысызданат.

2019-жылда расмий статистика боюнча Кыргызстанда 6 663 жол кырсыгы катталган.

Бишкекте эӊ жогорку көрсөткүч – 2 611, эӊ төмөн Талас областында – 132.

Акыркы беш жылдын динамикасы:

2019-жылы өлкөдө болгон жол-транспорт кырсыктарынын саны:

2019-жылы жол-транспорт кырсыктарынын натыйжасында каза болгондордун саны:

 

Дүйнөдө жыл сайын орточо жол кырсыгынан миллиондон ашык адам курман болот. Жол кырсыгынан болгон жогорку өлүмдүүлүк жакыр өлкөлөрдө байкалат. Эксперттер муну инфратүзүмдүн өнүкпөгөнү, жолдордун начардыгы жана жол кырсыгыган жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөнүн деӊгээлинин сапатсыздыгы менен байланышарын белгилешет. Жол кырсыгынан өлүмдүүлүк көп болгон өлкө экономикалык өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула албайт.

Азыр COVID-19 пандемиясынан улам көптөгөн мамлекеттик мектептер жабык. Эгерде жол коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүнү азыр баштабасак, салттуу окутуу башаталары менен эски көйгөйлөр келип чыгат – ичи толгон чакан автобустар, чийиндер, белгилер же жолчырак жок жерлерде унаалардын ири агымы.

Балдар мектепке жетиш үчүн жолдо унаалардан азайышын акыйып күтүүгө аргасыз болгон жети жаштагы Марат Ахмадалиев сыяктуу эле тобокелдикке туш келишет.

Бул материалдын негизинде «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Максат Осмоналиевдин «Мектепке карай жол» долбоорунун алкагында 1.1Studio Бишкек студиясы менен социалдык эксперимент жүргүзүлгөн. Эксперименттин максаты кайдыгер эмес жарандар канча жана алар жолдо турган балдарга кандай мамиле кыларын көрсөтүү болчу. Видеону бул жерден көрүүгө болот.

Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда Максат Осмоналиев тарабынан ишке ашырылган. Бул материалдын мазмуну долбоордун авторунун жоопкерчилигинин предмети болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт.