2018-жылдан бери «Журналисттер» коомдук биркмеси «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен журналисттердин укук бузуулары боюнча мониторинг жүргүзүп келет. Алар боюнча маалыматты сиздер уюмдун сайтынан www.journalist.kg алсаңыздар болот.

2021-жылдын бирдин (январь) айынан тарта «Кыргыз тилдүү журналисттердин укуктук жана кесипкөйлүк сабатын жогорулатуу» аттуу долбоордун алкагында «Журналисттер» коомдук бирикмеси кыргыз тилинде, онлайн түрүндөгү окутууларды камтыган иш чараларды өткөрө баштады. Онлайн түрүндөгү вебинарлар менен талкуулардын тематикасы журналисттер арасындагы атайын сурамжылоонун негизинде такталып аныкталган. Окутуучу жана талкуулардын спикери катары «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен медиа айдыңындагы башка адистер дагы катышышат.

ЖМК арасындагы маанилүү темалар менен сөз эркиндигине байланыштуу маселелер дагы атайын чакырылган медиа адистердин, журналисттердин жана катышууну каалоочулар үчүн онлайн түрүндө талкууланмакчы. Эксперт катары белгилүү адистер чакырылат, алардын катарын аймактардан келген адистер дагы толуктайт.

Бардык вебинарлар менен онлайн талкуулар жаздырылып алынып, социалдык тармактардагы баракчалары менен сайтына жүктөлүп, коомчулукка жайылтылып турмакчы.

«Долбоордун алкагында жаш журналисттер менен иш алып баруу дагы каралган. Жаштар өздөрүнүн бул багыттагы жаңы башталгыч иштери менен макала, материалдары боюнча кеп-кеңештерди тажрыйбалуу, кадыр барктуу адистерден алалышат. Ошондой эле алардын материалдары өзүнчө жаңы түзүлгөн “Башат” (https://bashat.info/) сайтына жайгаштырылып турат. Бул жаш журналисттер үчүн кесипкөйлүк өсүшкө түрткү жана андан аркы кесиптик ишмердүүлүккө чоң мүмкүнчүлүк түзүп, кайсыл бир ЖМКга ишке орношууга өбөлгө дагы болуп калмакчы. Бул сайтта жекеле жаштардын макалалары эмес, башка дагы өз эмгектерин акысыз, жайылта албай жүргөн журналисттерге дагы шарт түзүлмөкчү. Алар үчүн бир гана талап коюлат — даярдалган макала журналистикадагы бардык талаптарга дал келүүсү керек», – деп билдирди «Журналисттер» КБнын төрагасы Марс Тулегенов.

Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун «ЖМК өнүктүрүү» программасы тарабынан колдоого алынган.