«Сорос-Кыргызстан» Фонду Маалыматтык программанын алкагында «Менин санариптик укугум» деген темада гранттык конкурстун башталгандыгы тууралуу жарыялайт. Бул конкурс Кыргызстанда санариптик укуктарды коргоо жаатындагы долбоорлорду колдоого багытталган.

Коомдук-саясий ишмердүүлүккө жарандардын катышууларын кеңейтүү жана демократиялык институттарды өнүктүрүү үчүн маалыматтык инфраструктураларды жана жаңы технологияларды пайдалануу «маалыматтык демократия» түшүнүгүн пайдаланууну күндөлүк турмушка киргизди. Балким, бул бир жагынан өздөрүнүн укуктарын жайылтуу максатында жарандык мобилизациялоо үчүн технологиялар чоң мүмкүнчүлүктү түзөт. Экинчи жагынан, тармактык технологиялар жана чоң маалыматтарды дароо иштеп чыгуу мүмкүндүгү мамлекетке жарандардын үстүнөн толук контролду жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүн берет. Бул контексте персоналдык маалыматтарды бардык жерде пайдалануу жана алардын начар корголуусу маалыматтык демократиянын абдан начар көрүнүшүнүн бири болуп саналат.

Санариптик укуктарды, алардын маңызын жана коргоо механизмдерин түшүнүү Кыргызстанда жаңы гана башталууда. Бир топ техникалык терминдер менен сыпатталган, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеке жана мамлекеттик провайдерлери тарабынан башкарылган санариптик платформалардын инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүсүн түшүнүүнүн татаалдыгы, колдонуучунун маалыматтарын көзөмөлдөө темасында көпчүлүк журналисттер, юристтер жана жарандык активисттер темага терең сүңгүп кирүүдөн качуусуна алып келет. Укук жаатында маалыматтык укуктар бир катар юридикалык университеттерде изилденип жаткандыгына карабастан, анын чегинде «санариптик укуктар» жарым-жартылай каралган, көпчүлүк юристтер мындай укуктарды коргоо жаатында жөндөмсүз бойдон калууда.Ушуга байланыштуу, санарип укуктарын коргоону талкуулоо өнөктөштөрдүн тар чөйрөсүнүн артыкчылыктуу укугу болуп кала берүүдө.

Технологиянын жайылышынын өсүшү менен, маалыматтык демократиянын өнүгүшүнүн коркунучу күн сайын өсүүдө. Ошентип, адамдын өзүнүн уруксатысыз, жеке адамдын биометрикалык маалыматтарын автоматтык түрдө чогултуу жана иштеп чыгуу тутумдарын колдонгон жарандардын үстүнөн ашыкча мамлекеттик көзөмөл, укуктарды коргоо жана жарандардын эркиндиктери жаатында келип чыккан бардык коркунучтар менен, авторитаризмдин болуп көрбөгөндөй күчөшүнө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ушуга байланыштуу кийинки төрт жылда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун артыкчылыктарынын бири болуп, санариптик укуктарды жана санариптик дүйнөдө жекелик, анын ичинде санариптик укуктарды коргоо жаатында экспертизалоо жана жарандык тажрыйбаларды өстүрүү аркылуу бул маалыматтарды кармоочулардын кыянаттык менен пайдаланууларынан жеке турмуштун жашырындуулугун жана персоналдык маалыматтарды коргоо саналат.

Конкурстун максаты: санариптик чөйрөдө купуялуулукту, санариптик укуктарды, персоналдык маалыматтарды коргоо маселелерине жарандарды окутуу жолу менен, анын ичинде өздүк санариптик коопсуздугун камсыздоонун белгилүү ыкмаларын жана технологияларын пайдалануу жолу менен санариптик укуктарды жайылтууга жана коргоого багытталган долбоорлорду колдоо.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду милдеттери төмөнкүлөр болуп саналган долбоорлорду колдойт:

  • Мыйзамга ылайыксыз кийлигишүүдөн санариптик персоналдык маалыматтарды коргоо ыкмалары, санариптик укуктарды коргоо жөнүндө калктын калың катмары үчүн маалыматтык жана агартуучу иш-чараларды өткөрүү (кыргыз тилдүү аудиторияларга басым жасоо менен);
  • Санариптик укуктарды коргоо боюнча адвокацияларды активдүү өткөргөн ар түрдүү интернет-коомдоштуктардын, коалициялардын ишмердүүлүктөрүн шыктандыруу жана колдоо, жаштар/студенттер, академиялык коомдоштуктар үчүн окутуучу жана билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү;
  • Санариптик чөйрөдө жеке турмуштун жашырындуулугуна жана купуялуулугуна укуктарды коргоо/бузуу жаатында изилдөөлөрдү өткөрүү (академиялык жана юридикалык экспертизаларды күчөтүү);
  • Бул конкурстун максаттарында белгиленген темаларда кийин жаштардын талкуулоочу жолугушууларын/курстарды региондордо алар тарабынан өткөрүү үчүн тренерлерди жана тарбиячыларды даярдоо.

Өтүнмөлөрдү тандоонун критерийлери:  

  • конкреттүү кырдаалда долбоорду аткаруунун реалдуулугу;
  • сунушталган иш-чаралардын креативдүүлүгү жана инновациялуулугу;
  • долбоорду түзүүгө, талкуулоого жана ишке ашырууга тартылган кызыкдар пайдалануучулардын жана өнөктөштөрдүн, жарандардын кеңири чөйрөсүнүн болушу;
  • долбоорлорду финансылоонун жана монеталаштыруунун кошумча моделинин болушу;
  • долбоорду иштеп чыгуунун толуктугу: этаптуулугу, коомдоштуктарды тартуунун схемалары, финансылоо, рынокто жайылтуу ж.б.у.с.

Долбоордук сунуштарды кабыл алуунун жана тандоонун жол-жоболору:

  • Конкурска коммерциялык эмес уюмдар (КБ, КФ, ЮЖБ, мекемелер, КФУ), билим берүү мекемелери, ошондой эле коммерциялык уюмдар катыша алышат.
  • Конкурстук долбоорлордун мөөнөтү: 1 жылдан ашык эмес.
  • Бир гранттын бюджетинин максималдуу суммасы : орточо 10-15 миң АКШ долларына чейин.

Биринчи этапта долбоордун концепциясы жана чыгымдардын негизги статьялары менен бюджет гана онлайн кабыл алынат. Экинчи этапта тандалып алынган өтүнмөлөр үчүн гана басма жана электрондук түрдө жана коштомо документтердин толук пакети көрсөтүлгөн «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гранттык өтүнмөсүнүн формасына ылайык долбоордук сунуштарды берүүгө сурам жасалат.

Долбоордун концепциясы 2021-жылдын 5-мартына, 16:00гө чейин «Сорос-Кыргызстан» Фондунун – Маалыматтык программасын, ошондой эле конкурстун аталышын көрсөтүү менен биздин сайтта онлайн толтурулушу керек. Көрсөтүлгөн убактан кеч толтурулган долбоорлордун концепциялары кароого кабыл алынбайт.

Бардык маселелер боюнча Маалыматтык программасына кайрылууга болот:
Лира Самыкбаева, Маалыматтык программанын директору
lira@soros.kg
0 (312) 663 475 (доб. 142)