«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Билим берүү программасы «Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо» долбоорунун алкагында майыптуулугу бар балдардын жана калктын социалдык жактан аяр топторунун билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча долбоордук билдирмелерге конкурс жарыялайт.

Каржылоонун алкагында калктын аяр топторунун балдарынын жана атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган долбоорлор колдоого алынат.

Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнүн өнүгүшүнүн Концепциясын ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү жана төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу. Ошондой эле, аталган долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу балдардын укуктарын коргоо жана майыптуулугу бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө иштеген уюмдардын ишмердигин кеңейтүү жана алар менен өнөктөштүк мамилени өркүндөтүү.

Колдоого алынышы мүмкүн болгон демилгелердин мисалдары:

  • жалпы билим берүүчү мектептердеги атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын жуурулушуусун колдогон долбоорлор;
  • эрте жаштан кийлигишүү жана өнүктүрүү, аларды практикада жайылтуу методикаларын жана куралдарын (инструмент) илгерилетүү боюнча долбоорлор;
  • атайын билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген мугалимдерди даярдоо жана алардын билимин өркүндөтүү;
  • атайын билим берүү муктаждыктары бар балдардын аралашып кетүүсүнө жардам бере турган көмөкчү билим берүү технологияларын (дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар ж.б.) иштеп чыгуу жана жайылтуу.

Конкурстун шарттары: Ким катыша алат?

Конкурска бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардан (коомдук бирикме, коомдук фонд, коомдук юридикалык уюмдар, мекемелер, коомдук кайрымдуулук фонддору) долбоордук сунуштар кабыл алынат.

Катышуу боюнча чектөөлөр:

Мамлекеттик органдар сунушталган билим берүү долбоорунун алкагында потенциалдуу грант алуучуларга өнөктөш боло алышат, бирок грант ала алышпайт;

Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстанда жайгашкан жана катталган филиалынын атынан гана билдирме бере алышат;

Конкурска жеке адамдар катыша алышпайт.

Долбоорду ишке ашыруунун эң узак мөөнөтү – каржылоо бөлүнгөндөн баштап 12 айга чейин.

Долбоордук билдирмелер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гранттык билдирмелеринин формасына ылайык түзүлүп, кагазга басып чыгарылган жана электрондук түрдө берилиши керек.

Конкурска катышуу үчүн билдирме салынган  конвертке «Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган демилгелерди колдоо» деп жазып, 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55А дареги боюнча «Сорос-Кыргызстан» Фондуна, ошондой эле билдирменин толтурулган электрондук версиясын applications@soros.kg электрондук дарегине, көчүрмөсүн miminova@soros.kg дарегине 20МБтан ашпаган көлөмдө жөнөтүү зарыл.

Билдирмелер кыргыз жана орус тилдеринде дем алыш жана майрамдардан башка күндөрү 2021-жылдын 3 мартынын (бул күн да кошулат) күн сайын 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Билдирмелерди кабыл алына турган акыркы күнү  билдирмелер 15:00гө чейин кабыл алынат.

Аймактардан долбоордук сунуштарды жазуу түрүндө курьер менен же почта аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөттө «Сорос-Кыргызстан» Фондуна келип калгыдай кылып алдын ала жөнөтүү зарыл.

Сынакка катышуу учурунда билдирме берүүчүнүн мамлекеттин алдында салыктарды төлөө боюнча карызы болбошу керек.

Документтер толук эмес болгон учурда же «Сорос-Кыргызстан» Фондунун форматына ылайык эмес берилген билдирмелер, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келген билдирмелер катталбайт жана каралбайт.

Кабыл алынган билдирмелер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

Конкурс боюнча толук маалыматты бул жерден жүктөп алса болот. Гранттык билдирменин формасын жана билдирмелерди жазууга карата сунуштарды бул жерден чыгарып алууга болот.