Бишкекте 12-февралда Журналисттик иликтөөлөр фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана бир катар башка уюмдардын колдоосунда эӊ мыкты журналисттик иликтөө үчүн Улан Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү. Аземге Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева, маркум Улан Эгизбаевдин апасы жана жубайы, иш-чаранын өнөктөштөрү жана өлкөнүн медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты.

 

Атайын белектерге Ош шаарынан шаардын троллейбустарын электрондук системага өткөрүү жөнүндө иликтөөсү үчүн «Т-Медиа» жана Бишкек шаарынан коронавирус эпидемиясы мезгилиндеги коррупция жөнүндө иликтөө үчүн «Политклиника» редакцияларынын журналисттери татыктуу болушту.

 

Үчүнчү орунду көз карандысыз журналист Али Токтакунов жана Factcheck.kg сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров «Раимбек Матраимовдун бажы империясы» деп аталган биргеликтеги иликтөөсү үчүн алышты.

Экинчи орунду «Клооп» редакциясы «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан колдоого алынган «Коррупция шакеги» куралы үчүн алды. Ушул куралдын жардамы менен жарандар мамлекеттик тендерлердеги коррупциялык фактыларга байкоо жүргүзүү, ошондой эле жеке иликтөө жүргүзүү мүмкүндүгүн алышат.

Акырында, биринчи орунду «Коррупциялык мезгилдин парктары» деп аталган журналисттик иликтөөсү үчүн Адиль Турдукулов жана анын командасы алды.

 

Журналисттик иликтөөлөр фонду журналист Улан Эгизбаев каза болгон жылдын сентябрында түзүлгөн. Сыйлык жыл сайын 12-февралда – анын туулган күнүндө тапшырылат.