Теңчилик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин жайылтуу үчүн Civic Tech долбоорлорунун гранттык конкурсунда кандай долбоорлор каралат? Ушул жана башка суроолордун жообу, кантип арыз тапшырса болот, кандай идеялар кабыл алынат, долбоорлор кандайча жана кайсы мезгилде ишке ашырылып жатат, сиз «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат жолугушуусунан билип алсаңыздар болот.

Civic Tech долбоорлорунун гранттык конкурсу боюнча маалыматтык жолугушуу 2-март, Шейшемби күнү, саат 14:00дө өтөт. Жолугушуу Zoomда болот. Конкурска катышууну каалагандар баардык суроолорго толук жооп ала алат.

Спикерлер:
– Шамиль Ибрагимов, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору
– Лира Самыкбаева, Маалыматтык программанын директору

Жолугушуу күнү: 2-март, саат 14:00.

Конференцияга шилтеме бул жерде.
Конференциянын идентификатору: 880 9627 0144
Кирүү коду: 070168
__________
«Civic Tech долбоорлорун (жарандык технологиялар) колдоо боюнча инновациялык фонд» гранттык конкурсу теңчилик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин жайылтуу максатында жарыяланган.

Конкурстун максаты: жарандар тарабынан пандемия учурунда социалдык маселелерди чечүү үчүн бизнес менен жарандык уюмдардын натыйжалуу кызматташууларын тууралоодо жарандык бирикмелердин өз ара натыйжалуу иштешүүлөрүнө, бийлик менен коомдун өз ара аркеттенүүлөрүнө мүмкүндүк түзгөн инновациялык IT-чечимдерин түзүүгө багытталган долбоорлорду колдоо.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 5-март, 16:00гө чейин.
Конкурс боюнча толук маалымат бул жерде.

📩 lira@soros.kg
☎️ 0 (312) 663 475 (доб. 142)