www.covidstories.kg сайтында COVID-19 пандемиясы мезгилинде башынан өткөргөн тажрыйбалар жөнүндө 185 баян бар. Биз 2020-жылы өлкөдө каатчылык мезгилинде эмне болгондугун унутпашыбыз үчүн бардык каалоочулар сайтка өзүнүн баяндары менен бөлүшө алышат. «COVID-19 мезгилиндеги кыргызстандыктардын үнү» долбоору Борбордук Азиядагы Унивеситеттин (БАУ) Өнүктүрүү жогорку мектебинин «Жарандык коомдун демилгелери» программасы менен демилгеленген, анын алкагында баяндар менен сайт түзүлгөн. Сайттын контенти толугу менен колдонуучулар тарабынан башкарылат, ошондуктан күн сайын адамдардын жаӊы баяндары менен толукталып турат. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн.

26-мартта долбоордун бет ачары болуп өттү жана пандемия мезгилинде болуп өткөн тажрыйбалар талкууланды. Ошондой эле художник Татьяна Зеленскийдин 2020-жылы Кыргызстандагы коронавирустун абалы элестеткен картиналарынын көргөзмөсү сунушталды. Иш-чарага «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, Улуу Британиянын КРдагы Элчиси, БАУ Өнүктүрүү жогорку мектебинин деканы Богдан Кравченко, баяндардын авторлору Govori.TV интернет-телекөрсөтүүсүнүн директору Кайыргуль Урумканова жана «Азакттык» үналгысынын журналисти Бактыгуль Чыныбаева, COVID-19 боюнча Республикалык штабынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алтынай Омурбекова, мурдагы КР Саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева жана башкалар катышышты.

«Бул жөн гана катаал жыл эмес. 2020-жыл биздин коомдо узак убакыттан бери топтолуп келген системалуу көйгөйлөрдү көрсөттү. Бул көйгөйлөргө унчукпай, көз жумушту. Сайттагы баяндар – бул башынан өткөргөндөрдүн жөн гана баяны эмес, бул каармандык жөнүндө жана жөнөкөй жарандардын жоопкерчилиги жөнүндө адилетсиздик жана чечим кабыл алган адамдардын компетентсиздиги жөнүндө баяндар», – COVID-19 пандемиясы жөнүндө «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов.

«Маектешүү эмоционалдуу болду. Биз каармандар менен бирге кайгырып, бирге ыйладык. Биз бардыгын кандай болсо ошондой калтырдык жана жөн гана редакцияладык. Пандемия менен күрөшүү бүтө элек. Баяндар улантылат. Биз өзүбүз менен өзүбүз калдык. Эгерде пандемия мезгилинде иштебесе, бизге мамлекеттин эмне кереги бар? Биздин ар бирибиз COVID-19 менен кагылыштык. 2020-жыл биздин ичибизде болуп жаткан нерселерди көрсөттү» – Кайыргуль Урумканова. Кайыргулдун айтымында айрым мамлекеттик органдардын өкүлдөрү  пандемия мезгилинде эл үчүн эмне кылышкандыгы жөнүндө айтып берүү үчүн маектен баш тартышты, ал тургай кээ бирөө маек алынгандан кийин өз сөзүнөн баш тартуу менен жаздырууну өчүрүп салууну суранышты.

«Улуу каармандык мезгили. Медкызматкерлер, ыктыярчылар жана жарандык активисттер. Бул адамдардын берилгендиги жана алардын эр жүрөктүүлүгү жана жанын аябастан иштегендиги – көпчүлүккө үлгү. Бул адамдарсыз пандемия мындан дагы кайгылуу болмок», – Чарльз Гаррет, Улуу Британиянын КРдагы элчиси.

«Жарандык коомдун демилгелери» программасы Борбордук Азиядагы жарандык коом үчүн саясий жана административдик жагымдуу климатты өнүктүрүү жана жарандык коомдун өкүлдөрүн өнүктүрүгө көмөк көрсөтүү максатында 2017-жылы негизделген. Ал БАУ Өнүктүрүү жогорку мектебинин бөлүгү болуп саналат. Долбоор «COVID-19 мезгилиндеги кыргызстандыктардын үнү» долбоору «COVID-19 – Медиаколкабыш» демилгеси боюнча «ЖМКларды өнүктүрүү» программасынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан колдоого алынган.

*Сайтка жайгашкан материалдардын, маектердин мазмуну, маекке катышуучулардын, сурамжылоого катышуучулардын жеке көз карашын чагылдырат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун, БАУ жарандык коомдун демилгелери, Улуу Британиянын КРдагы элчилигинин жана алардын кызматкерлеринин идеяларын билдирбейт.