Бул дем алышта биз бүтүндөй шаар менен бирге өзүбүздүн өнөктөштөр – кайдыгер эмес жарандар, Логвиненко көчөсүндө жашагандар жана иштегендер, «Шаардык демилгелер» КФ, «Арча демилгеси» КФ менен биргеликте бак отургузууга чыктык. Бак отуругузуу үчүн биз Логвиненко көч 55 дареги боюнча аймакты тандап алдык, анткени бул жерде жашоочулар жана унаалар көп, бирок жашылдандыруу дээрлик жок. Гибискус жана сумах көчөт катары тандалып алды.

«Арча демилгеси» билим берүү программасынын координатору жана экоактивист Дмитрий Переяславский эмне үчүн сириялык гибискус жана бугу мүйүздүү сумах тандалып алынганын мындайча түшүндүрдү:

«Шаар шартында сугат суулары жетишсиз, ошондуктан кургак жана ысык климатка ыӊгайлуу кургакка чыдамдуу өсүмдүктөрдү тандоо өтө маанилүү. Ошондой эле сумах бороон-чапкынга да туруктуу. Эгерде кимдир бирөө бакты сындырса, анын жанынан башкалары өсүп чыгат. Сумах тегерек формадагы жандуу тосмону жаратат жана унаалардан коргойт. Сумах уулуу эмес жана үч метрге чейин өсөт жана үстүдөгү зымдарга тоскоолдук жаратпайт. Бир жыл мурда отургузулган катальпа жогорку катмарды түзөт жана жашоочулар үчүн көлөкө болот. Сириялык гибискус жайы менен гүлдөйт жана аптаптуу күндөрдү жеӊил өткөрөт. Гибискус кайсы бир бульвардын кооздугун толуктоого кызмат кылат. Бул өсүмдүктөр бар үчүн шаар ичиндеги бул жерде жайкы убакыт салкын болот».

Өткөн жылы бул жерде катальпанын биринчи көчөттөрү отургузулган, бул «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Шаардык демилгелер» долбоорунун алкагында жашоочулар үчүн аймакты жашылдандыруу боюнча алгачкы кадамдарды бири болуп калды.

Өзүбүздүн мисал менен биз жарандарга жана шаардын бизнесине өздөрү жашаган, иштеген жана эс алуусун өткөргөн аймакты өз күчтөрү менен жашылдандыруу маселелерин чечүү менен жарандык активдүүлүктү жана социалдык жоопкерчиликти көрсөтө аларын далилдегибиз келди.

«Арча демилгеси» долбоору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда жашылдандыруу аймактары жетишсиз болгон райондордо жергиликтүү коомчулукту тартуу менен социалдык-экологиялык теӊсиздик маселесин ишке ашырат.

«Бишкек жашыл чарба» МИге бак отургузууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.