Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясын өз үйлөрүнөн алыс жерде өткөрүштү. Жагдайлар кимдир бирөөнү башка өлкөдө калууга аргасыз кылса, айрымдары каатчылык мезгилде да өз ишин таштабастан, иштөө үчүн аӊ-сезимдүү чечим кабыл алышты. Pricer япон компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Башкы директору Юя Коматсу мекенине кайтып барып, Кыргызстандагы окуялардын өнүгүшүнө жана бишкектик филиалга алыстан туруп байкоо жүргүзө алмак.

Бирок Коматсу мырза эч кайда кеткен жок, 2020-жылдагы кыйынчылыктарды жана жоготууларды кыргызстандыктар менен бирге өткөрдү. Биз менен бирге апкаарыды, коркту, адашты, биз менен бирге катаал жылдын коркунучтарына каршы турууга аракет кылды. Бардыгындай эле, ал жаӊылык маалыматтарга көз салып, чиновниктердин аракетсиздигин жана дарыгерлердин жанын тиштеп иштегенин көрдү. Жарандык тилектештик, биригүү, абалды өз колуна алуу жана эч кимге үмүт артпоо жөндөмдүүлүгү – кыргызстандыктардын мына ушунусу япон бизнесменин таӊ калтырды.

Өлкөдөгү оор абалды көрүп жана анын жарандарына сый-урмат көрсөтүү үчүн Коматсу мырза 2020-жылдын декабрында Японияда акча чогултуу боюнча өнөктүк уюштурган. Япония эли өз мекендешинин суранычына жооп кайтарып, Кыргызстандагы дарыгерлерге жеке коргоочу каражаттарды сатып алуу үчүн акча чогултушкан. Бир жарым айдын ичинде 1 230 000 йен (950 000 сом) чогулган.

Чогулган суммага Pricer Bishkek  компаниясынын өкүлдөрү жеке коргоочу каражаттарын сатып алышкан, аларды «Сорос-Кыргызстан» Фондуна өткөрүп беришип, өз чечимдерин жөнөкөй сөз менен – ишеним деп түшүндүрүшкөн.

«Биз Кыргызстандагы ар түрдүү мамлекеттик жана эл аралык түзүмдөрдүн ишин талдадык жана япон элинин гуманитардык жардамын «Сорос-Кыргызстан» Фондуна ишене ала турганыбыз тууралуу корутундуну бир добуштан кабыл алдык. Уюмдун ак ниеттиги жана айкындуулугу биз үчүн эӊ биринчи ролду ойнойт», – деп Pricer Bishkek компаиясынын өкүлдөрү ойлорун билдиришти.

Айкындуулук жана отчеттуулук – «Сорос-Кыргызстан» Фонудунун ишинин негизги критерийи. Pricer Bishkek компаниясы жана Коматсу мырза тарабынан көрсөтүлгөн бул ишеним биз үчүн чоӊ абийир жана жоопкерчилик. Биз бул ишенимди актоо үчүн колубуздан келгенин жасадык.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун директору Шамил Ибрагимовдун айтымында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү – Фонддун ишинин негизги түрү эмес жана кызматкерлерге процессте көп нерсени үйрөнүүгө туура келди.

«Пандемия сабактары биздин ар бирибиз үчүн ар түрдүү болду, бирок башкысы, эгерде жардам бере алсаӊ, жардам берүү, тажрыйбаӊды бөлүшүү, жасаган иштериӊ жөнүндө айтып берүү керек экендигин СКФ өкүлдөрү түшүнүштү», – деди Шамиль Ибрагимов.

Биздин кесиптешибиз, «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Айбек Мукамбетов Кыргызстандагы кыйла муктаж медициналык мекемелер жөнүндө маалыматтарды чогултту жана башкалардан начар болгондордун тизмесин түздү. Биз Кыргызстандын бардык ооруканаларына, бардык дарыгерлерине жардам берүү мүмкүн эмес экендигин түшүндүк. Биринчи кезекте эӊ муктаж болгондорго жардам берүү чечими кабыл алынды.

Прессанын бардык көӊүлү борборго жана Чүй областына бурулуп, региондор маалыматтык обочолонууда калды. Бишкектик дарыгерлерге активисттер жана кайдыгер эмес жарандар жардам берүүгө аракет кылышты – таӊкы,түшкү жана кечик тамактарды даярдашты, ал эми областтардагы дарыгерлер көзгө көрүнгүс душман менен жалгыз кармашышты. Биз биринчи кезекте ошолорго жардам берүү керектигин түшүндүк. Биздин бардык күчүбүз баарынан мурда региондорго жумшалды.

Pricer Bishkek япон компаниясы тарабынан чогултулган каражаттарды, «Сорос-Кыргызстан» Фонду өтө муктаж болгон Ысык-Көл областына жөнөтүүнү сунуштады.

Азыркы учурда «Сорос-Кыргызстан» Фонду дал ушул областта пандемиянын мүмкүн болуучу жаӊы соккусуна дарыгерлерди даярдоо менен алектенүүдө. Ошондой эле биз бүткүл Кыргызстан боюнча абалды талдоо жана болжолдоо менен алектенебиз.

Айбек Мукамбетовдо жана биздин кесиптештерде эми форс-мажордук шарттарда иштөө тажрыйбасы бар, биз каатчылык абалдарда аракеттенүүнүн өздүк жеке алгоритмин иштеп чыктык, биз иштин айкындуулугу маанилүү экенин билебиз жана өзүбүздүн иштер тууралуу отчетторду жарыялап турабыз.

2020-жылдын каатчылык мезгилинде гуманитардык жардамдарды жана жеке коргонуу каражаттарын таратууда Фонддун бардык кызматкерлери катышышты, ошондой эле Pricer Bishkek  компаниясынын кызматкерлери Коматсу мырза менен биргеликте биздин кесптештердин көмөгү менен Кыргызстанга өз жардамын көрсөтүштү.

Бул биз үчүн көп нерсеге татыйт жана маанилүү маселелерди чечүүдө биздин ачык позициябызды чагылдырат. Коркунучтардын алдында биз баарыбыз бирдейбиз, биздин кооптонуубуз жалпы, кырсыктар жана кубанычтар жалпы. Бири-бирибизге ишенүү менен гана биз каатчылыкка каршы тура алабыз.

Pricer Co, Ltd, Pricer Bishkek  жалпы командасына, япон элине жана Коматсу мырзанын жеке өзүнө ишеним көрсөткөнү жана Кыргызстан элин колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Маалымат үчүн: Pricer – Кыргызстандын көз карандысыз тарыхында Бишкекте филиалын ачкан биринчи япон IT-компаниясы, 2019-жылдан тартып КР Жогорку Технологиялар Паркынын резиденти болуп саналат. Компания смартфондор үчүн IOS, Android базасында колдонмолорду иштеп чыгууга, ошондой эле веб-порталдарды иштеп чыгууга адистештирилген. Бишкек филиалынын кардарлары болуп япон компаниялары саналышат.

Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная.
Кыргыз тилине которгон: Нурзат Асанбекова.