Бүгүн, 2-апрелде Эл аралык фактыларды текшерүү күнү белгиленет. Санариптик контент доорунда жалган жаӊылыктарга туш болбош үчүн медиасабаттуулукка жана фактчекинг (маалыматтарды аныктоо) көндүмүнө ээ болуу зарыл.

2018-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда factcheck.kg платформасы ишке киргизилген. Фактчекинг мурда эле бар болчу, журналисттер анык эмес маалыматтарга көӊүл бурушуп, аларды текшеришкен жана өздөрүнүн иликтөөлөрүн жарыялашкан. Бирок ал убакта жанрдын методологиялары, так форматтары болгон эмес, терминдин өзү да иш жүзүндө пайдаланылган эмес. 2019-жыл үчүн factcheck.kg ресурсу медиа мейкиндикте өз позициясын бекемдеп жана аудиториянын ишенимин жогорулата алды. Журналисттер сайттын редакторуна маектешүү үчүн көп ирет кайрылышат, ал эми окурмандар тигил же бул маалыматты кайрадан текшерип берүүнү суранышат. Команда мындан ары жергиликтүү жана чет элдик ЖМКларга активдүү кайра басып чыгарылуучу «фактчек», «иликтөө» жана «медиасын» жанрындагы бир нече маалыматтарды жарыялашкан. Андан тышкары,медиасындын материалдары журналистика факультетинин студенттери үчүн кызыктуу жана таанып-билүүчү топтом катары кызмат кылат. Алар ЖМКлар кантип иштегенге болбой тургандыгын жана жалпы кабыл алынган журналисттик стантарттарды тоготпостон журналисттер көпчүлүк учурда кайсы ченемдерди бузушарын көрсөтмөлүү конкреттүү мисалдар менен окуй алышат.

2020-жыл үчүн биздин өнөктөштөр factcheck.kg кыргыз жана орус тилдеринде 230 материал чыгарды. Жыл бою factcheck.kg журналисттери 40тан ашык онлайн жана офлайн тренингдерди өткөрдү.

factcheck.kg маалыматтык сайты мамлекеттик, жеке, коммерциялык, диний жана башка кызыкчылыктардан көз карандысыз иштеген коомдук жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналат. Азыркы учурда редакция негизинен Бишкек шаардык кеӊешине талапкерлигин койгон партиялардын убадаларын текшерүү боюнча материалдарды чыгарып жатат.