«Менин курбум Германияда окуйт, төрт тилде сүйлөйт, машина айдайт, көп окуйт. Аны менен мындай окуя болууга тийиш эмес эле. Аны машинага түртүп салып, эшигин бекиткенде, ал муну эссиз тамаша катары кабыл алган, ал тургай корккон эмес, бирок машина Бишкектен чыкканда гана бул тамаша эмес экендигин түшүнгөн. Курбум машинаны токтотууну талап кылып, сот менен коркуткан, бирок салондо отурган жигиттер аны байкамаксанга салышкан. Ал ыйлап баштаганда жигиттердин бирөөсү эгерде ыйлаганын токтотпосо, дарыяга ыргытып жиберерин айткан. Аны алып келген үйдө толтура адамдар, көп аялдар болуп, эмнегедир кубанычта болушкан. Курбум дендароо болуп үнү чыкпай калган жана эмне болуп жатканын анча түшүнгөн эмес. Ага үйлөнүү той жөнүндө айтуу үчүн ата-энесине чалууга уруксат беришкен, эмнегедир бул адамдар курбум алардын үйүндө калат деген ишенимде болушкан. Курбумдун атасы бардыгын түрмөгө отургузарын айткан. Кызын алып кетти, бирок эч ким жазаланган да, соттолгон да жок. Курбум жарым жыл көчөгө чыккан жок, ал азыркыга чейин өтүп бара жактан машинанын добушунан чочулап турат, ала качкан – түркөй, жапайы салттан башка адамды эч нерсе сындыра албайт дейт», – бул «Бишкекте жаз» мобилдик колдонмосундагы миӊдеген пикирлердин бири.

«Бишкекте жаз» – сюжети ала качуунун (мажбурлап никеге туруу максатында кыздарды ала качуу) тегерегиндеги «элестүү новелла» жанрындагы интерактивдүү оюн. Оюн анимациялык комикс катары сунушталат, оюнчу жооп кайтарууну жана иш-аракеттерди тандайт жана муну менен сюжетке таасир этет. Оюндун жүрүшүндө колдонуучуга билим берилет жана ал чыныгы жашоодо колдоно ала турган тажрыйбага ээ болот.

Мобилдик колдонмо өткөн жылдын июнунда ишке киргизилген. Бул убакытта колдонмону 150 миӊден ашык жолу көчүрүп алышкан. Бул оюнду талкуулоо уланууда, долбоордун расмий Инстаграм баракчасына пикирлерди жазуу да уланууда, колдонмонун өзүндө да көптөгөн пикирлер жана комментарийлер бар:

«Коркунуч болсо кандай кылыш керек экендигин көрсөтүп берип жатканыӊыздарга рахмат».

«Бул билимди мектептеги кыздардын баарына берүү керек».

«Бизде ала качуудан эч ким корголгон эмес».

«Ала качуу жөнүндө окуя болбогон үй бүлөнү билбейт экенмин. Кимдир бирөөнүн тууганы башка бирөөнү ала качкан, же жакындарынын кыздарын ала качып кетишкен».

«Открытая линия» фондунун жетекчиси Мунара Бекназарованын айтымында актуалдуу темаларды жаштар менен алардын тилинде сүйлөшүү керектигин мурда эле түшүнгөн:

«Дүйнө кантип өзгөргөнүн, маалыматтарды кабыл алуу кантип өзгөргөнүн көрүп жатабыз, тез жардам кызматтарынын телефон номерлери менен маалыматтарды жана коопсуздук жөнүндө текст менен эскертмелерди жөнөтүү – өткөн кылым, бүгүнкү күндө бул иштебейт. Жаштар кызыгышы жана маалыматты андан ары жайылтышы үчүн аларды кызыктыруу керек. Мына биз кызыктырдык – кызыктуу жана таанып-билүүчү оюнду иштеп чыктык».

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева «Бишкекте жаз» долбоорун өзгөчө маанилүү деп эсептейт жана анын ийгилигине бир да секунд күмөн санаган эмес.

«Биз бул долбоорду дароо колдоону чечтик, бул канчалык актуалдуу экендигин жана ошончолук жаштардын кызыгуусун ойготорун түшүндүк. Биз жылына 25-30 миӊ көчүрүп алат деп болжолдогонбуз, бирок оюнду биринчи эле айда 70 миӊден ашык адам көчүрүп алышты. Аны 13-16 жаштагы кыздар ойнойт деп ойлогонбуз, көрсө 25 жаштагы кыздар дагы ойнойт экен».

«Оюн ишке киргизилгенден кийин дароо биринчи эле күндөрү мага ыраазычылык билдирүүсү келди. Ал билдирүү азыркыга чейин эсимде: жакындарыӊдан ала качып кетсе, кандай кылыш керектиги жөнүндө нускама үчүн сиздерге рахмат, сиздердин кеӊешиӊиздердин натыйжасында сиӊдимди каалабаган никеден сактап кала алдым», – дейт Мунара Бекназарова. Ала качып кеткен кыздын үй бүлөсүнө юрдикалык жардам сунуштаганын, бирок ал үй бүлө бул жардамдан баш тартканын эстейт – ала качкандар алыскы туугандары болгондуктан кыздын үй бүлөсү туугандары менен соттошууну каалаган эмес.

2009-жылдан тартып «Открытая линия» кыздын эркине каршы мажбурлап никеге тургандыгы үчүн жазаларды күчөтүүнү көтөрүп, үй бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзамдардын кызыкчылыктарын коргоп, ЖААКта расмий каттоодон өтпөстөн никеге турган жана зомбулуктун курмандыктарына айланган кыздардын укуктарын коргоп келет.

«Биз пландуу жана кабарландыруу менен иш алып барууга тийишпиз. Көпчүлүк бизди гүл кармаган колукту акциясы менен эстеп калды деп ойлойм. 2013-жылы депутаттар кыздардын эркине каршы мажбурлап никеге тургандыгы үчүн жазаларды күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну чече элек болчу. Ошол күнү мал уурдоого жазаларды күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун уктук, анда 11 жыл эркиндигинен ажыратуу каралган. Бул мыйзамды тез эле кабыл алышты, ал эми кыздарды малдай кылып уурдагандар депутаттарга кызыксыз болду. Ошондо биз депутаттарга колуктудан белек деп аталган белек берүүнү чечтик. Ар бир депутатка колуктунун гүлүн, ошондой эле өзүнүн жанын кыюуга аракет кылган кыздын катын тартууладык. Ал өзүнүн атынан депутаттарга кат жазууга уруксат берди, бул катка анын сүрөтү кошо салынган. Өзүнүн катында колукту мындай деген: «Урматтуу мыйзам чыгаруучу, мени ала качып кетишкен жана мени 10 күн ала качкан адамдын үйүндө кармашкан. Мен ал жакта калгым келген жок, ушунчалык каалабаганымдан, өлүмгө даяр элем. Мен көп өлчөмдө дарыны ичтим жана жандандыруу бөлүмүнө түштүм. Мен үч ай ооруканада жаттым жана бутуман турдум, бирок мен азыр майыпмын. Мени ала качкан адам жоопкерчиликке тартылган жок, ал үйлөндү, балдары төрөлдү. Менин болсо эч качан балдарым болбойт. Мени ал  нерседен ажыратышты. Кыздардын эркине каршы мажбурлап никеге тургандыгы үчүн жазаларды күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда четке кагуудан мурда, мындай гүлдөрдү дагы канча колуктудан аларыӊызды ойлонуӊуз». Бул катты окугандан кийин, депутаттар «четке кагуу» баскычын баса алышкан жок, мыйзам долбоору «никеге туруу максатында» деген түшүндүрмө менен кабыл алынды жана бул дагы жеӊиш болду. Бүгүн биздин алдыбызда башка милдет турат – калктын калыӊ катмарына «никеге туруу» сыяктуу эч кандай жумшартуучу түшүнүктөр жок экендигин, кыздарды, колуктуну ала качуу – адам уурдоо жана бул үчүн катуу тартипте жазаланууга тийиш экендигин түшүндүрүү керек».

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук пограммасы Кыргызстанда адам укуктарынын баалуулуктарын, укук үстөмдүгүн жана ачык коомду чагылдырган укуктук реформаларды жана өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Биз коомду өнүктүрүүгө жана жарандардын аӊ-сезимдерин өстүрүүгө багытталган долбоорлорду колдойбуз.

Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная.
Кыргыз тилине которгон: Нурзат Асанбекова.