Бүгүн Бишкекте Кыргызстанда биринчи жолу тармактын жекелиги жана коопсуздук боюнча конференция – Privacy Day for Kids иш-чарасында жеке маалыматтарды коргоо күнү болуп өттү. Кириш сөз менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, КР ЖК депутаты Гульшат Асылбаева жана «Интернет саясатынын жарандык демилгелери» КФ директору Татту Мамбеталиева сүйлөштү.

«Эгерде биз өзүбүздүн маалыматтарды берсек, анда биз алар башка ачкыч менен пайдаланылбарына ишеним болушу керек», – деп белгиледи Гульшат Асылбаева.

Шамиль Ибрагимов соцтармактарда жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгүнө көӊүл бурду, ошондой эле соцтармактарда колдонуучулар бөлүшкөн посттор жана башка маалыматтар келечектеги кареьерага таасирин тийгизиши мүмкүн: «Жеке маалыматтарды коргоо маселесинде ичке чек бар – мамлекеттик маалыматтык коопсуздук тууралуу кам көрүүсү маалыматтык авторитаризмге өтүп кетпеши маанилүү. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө маселеге агартуу, баарлашуу жана жоопкерчиликти өнүктүрүү аркылуу өтүү зарыл».

Жыл сайын жарандардын санариптик укуктарын коргоо маселеси маалыматтык жана санарип чөйрөсүнүн тез өнүгүшү, жаӊы технологияларды киргизүү, инновациялык, глобалдуу жана интеграциялык процесстердн жайылышы менен байланыштуу чоӊ актуалдуулукка ээ болууда.

Бирок, жарандар жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана аларды коргоодо өздөрүнүн укуктары менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулугу жетишсиз. Көпчүлүк санариптик укуктары бузулган учурда эмне кыларын билишпейт, жеке маалыматтарды жана башка санариптик укуктарды коргоо боюнча улуттук түзүмдөрдүн ролу жөнүндө маалым эмес. Конференция учурунда жарандардын жеке маалыматтарына суроо-талап боюнча сандар баяндалды, бир дагы адаммамлекет тарабынан мындай иш-аракеттер тууралуу кабардар болгон эмес. Адамдар алардын маалыматтан эскертүүсүз өз максаттарында кимдер жана кинтип пайдаланарын билишпейт.

Privacy Day for Kids жекеликке жана жеке маалыматтарды коргоого, окуучулардын жана студенттердин потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатууга арналган бир күндүк практикалык конференция болду.

Иш-чаранын алкагында эл аралык эксперттер, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдун ректоратынын өкүлдөрү жана мектептин директорлору катышкан пленардык сессия уюштурулду. Пленардык сессиянын жүрүшүндө онлайн билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөр айтылды, ошондой эле окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча сунушталган чаралар талкууланды. Студенттер жана жогорку класстын окуучулары үчүн жекелик жана санариптик гигиена боюнча интеллектуалдык оюндар жана мастер класстар уюштурулду.

Иш-чараны Facebook, SecDev Foundation Канадалык фондунун жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен калктын жеке маалыматтарды күндөлүк жашоодо дагы коргоо укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында «Интернет саясатынын жарандык демилгелери» Коомдук фонду тарабынан уюштурулган.