Зал жай съемка режимине толтурулган. Эски паркет кырсылдап, жаӊы каалгалар кырчылдап, отургучтардын болпойгон жөлөнгүчтөрү кыйчылдайт. Кызыл жолдор жана орундуктарды каптоо – какофонияны басуу, чөгөрүү, нейтралдаштыруу үчүн. Филармония – музыка падышачылыгы, төмөнкү, тиричилик, ортомчулукка каршы күлмүӊдөп, айыгышкан сыяктуу. Күӊгүрөк отургучтан отургучка жөрмөлөп, катардын ортосунда төшөлөт, төмөнкү орундуктар толуп, жогору көтөрүлүп, органдын унчукпаган түтүкчөсүнө сцена аркылуу зуулдап кирет, анда бийик сосна менен жогору карай бараткан сыяктуу жөрмөлөйт. Үн жашагысы келет.

Эркек киши өзүнүн катуу галстугун оӊдонуп, жай басып келе жатат, хр-хр, шарк-шарк, вжик-вжик үндөрдөн ырахат алат.

Бул кайсы жер экенин айтып коесузбу? – буурул чачтуу аял кимдир бирөөдөн сурайт жана сокур сыяктуу көздөрүн жүлжүйтөт.

Он тогузунчу жана жыйырманчы, – шыбыраган үн менен дароо бир нече ар түрдүү добушта аялга жооп беришет.

Рахмат, – шамшаӊдап сүйлөп аял.

Эркек киши отургучка шашпай отурат, жынач конструкциянын кырсылдаганын сезет, балалык кубанычка батат.

Жакында башталабы? – коӊшу катардан шыбырайт.

Башталууга тийиш, – жооп кылып шыбырайт.

Ар жактан момпосуйдун кабыгы кытырайт. Кимдир бирөө сумкасын ачып, күчүгүн имарат менен алып баратат. Кытыраган момпосуйдун кабыгын чөнтөгүнө салат.

Кутман кеч! – алакандар менен кол алышкан үн.

О, салам! – кадамы алыстап бара жаткан үн.

Эркек киши программадан көзүн албайт, калыӊ кагазды бир аз кысып, шрифтти тийгенден жеӊил шишик айырмалайт. Оор асмашамдын айлананын баары жарык жана дирилдеп жжжж.

Сценага кече көйнөкчөн аял чыгат. Такасы такылдап, юбкасы шуудурайт. Аял микрофонго келип токтойт, араӊ угулган дем чыгаруусу залды ээлейт, аял тереӊ дем алып, ичке коӊур үнү анын калыӊ боелгон эриндеринен калкып чыгып жатты.

Түш сыяктуу сценада темирчи-адамдар чыгып, отургучтарды, контрабастарды, скрипкаларды каккылап баштайт, дүйнө калдырап-шалдырап, дүӊгүрөп, күркүрөп шаркырайт.

Секунд караруу, ааламдык тыныгуу. Дирижер кезеген бойдон катып калат. Асманда жыртык пайда болот, андан маана (асмандан түшкөн тамак) түшөт. Лиранын (музыкалык аспап) ыйлаганы жылуунун жана жандуунун баарын кыйратат; унутулган бир нерсе, караӊгы жер төлөнүн эсинде жеӊил кыймылдайт.

Балам, бери кел…

Сааттын жебеси кагылат – бом-бом-бом. Мышык тамактын алдында тамшанууда.

Балам, угуп жатасыӊбы? Угуп жатасыӊбы?

Сирендин бутагы айнекке – тук-тук-тук.

Дирижер таякчалары менен кагып, жаа менен ийилтет. Ыр жайлайт, көз жашы агып, ийри-буйру жол менен, чополуу чуӊкур менен, токой аркылуу, тоолорду аралап, сүйүү жана кубаныч өрөөнүнө жөрмөлөйт.

Мен бул жөнүндө эмне айтарымды билбей турат…

Жөн гана айт.

Макул. Азыр.

Эгерде күмөн санасаӊ, айтпа.

Сенин жүрөгүндүн кантип согуп жатканын угуп жатам.

Абышка үчүнчү жолу деӊизге тор жайды. Дирижердун колу калтырайт, ага таякчанын мындан ары кереги жок болуп калды. Башын чалкалатып, мүрзөдө катып калды. Ыр күчкө толду, шуулдаган дубалды көтөрдү, өз жолуна чыккандарды баарын кыйратып, баарын өзүнүн кучагына алат.

Уксаӊ мени, өтүнөм!

Кыйкырба, сен кыйкырып жатканыӊды көрүп жатам!

Кол чабуулар, гүлдөр, эмоциялар. Люстра мурдагыдан дагы жарык. Ачык эшиктен шамал кирип турат, элдер аары сыяктуу ызылдашат.

Гардероб илүүчү жерде, тыгылыш, опур-топур, кымгуут, эркек киши пальтосун алып жатып өзүнүн катуу галстугун оӊдойт.

Жок, бүгүн скрипка эмне кылганын уктуӊарбы? – ага кайрылган бейтааныштын эриндеринен ачууланууну окуду.

«Жок, уккан жокмун, мен бала чагыман бери эле дүлөймүн», деп айткысы келди эркек киши, бирок кайра оюнан кайтып жооп катары жылмайып гана койду.

––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––––

Кыргызстанда угуусу бузулган 5 000 ашык адам жашайт, жыл сайын 100 жакын угуусу бузулган балдар төрөлөт.

Угуусун жарым-жартылай жоготкон адамдарга ооруну компенсациялоо үчүн угуу аппараттары жетиштүү болот. Угуусун толугу менен жоготкон адамдарга угуу жөндөмүн кохлеардык имплант менен гана кайрууга болот.

Кохлеардык имплантат – бул угуу нервине түздөн-түз таасир этүүчү жана угууну жоготууну компенсациялого мүмкүндүк берүүчү медициналык шайман, протез.

Кулагы дүлөй болуп төрөлгөн балдар өз убагында жардам алышса, коомго толугу менен аралашат жана курдаштарынан эч кандай айырмаланбайт.

Кохлеардык имплант тагынган балдардын ата-энелери «Сорос-Кыргызстан» Фондуна эми Кыргызстандын өзүнүн аудиолог-адистери бар экендиги үчүн ыраазычылык билдиришет.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Угуусу бузулган балдардын билим алууга жетүүсү» долбоорунун натыйжасында Кыргызстандын адистери «Мастерская хорошего слуха» киев мектебинен окушту жана бүгүнкү күндө Кыргызстанда толук кандуу иштешет. Долбоордун үстүндө биздин өнөктөштөр – «Өнүктүрүү» Балдар борбору» КБ иштеди.

Бишкек шаарынын №6 ҮМБда аудиологдун бөлмөсү кохлеардык имплант тагынган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн жеткиликтүү. Мурда речтик процессорду жөнгө салуу үчүн КР жарандары жарым жыл сайын чет өлкөгө барууга туура келчү.

Орус тилиндеги тексттин автору: Диана Светличная.
Кыргыз тилине которгон: Нурзат Асанбекова.