Бүгүн Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата биздин өнөктөштөр жана Кыргызстандын медиа коомчулугу Кыргыз Республикасында сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу максатында кайрылуу даярдашты. Азыр өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда журналисттердин коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү өкмөттөргө басма сөз эркиндигин сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарууну эскертет. Бул күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери басма сөз эркиндиги жана кесиптик этикага байланыштуу маселелерди көтөрүшөт. Төмөндө кыргыз медиа коомчулугунун толук кайрылуусу.

«Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата жылдык билдирүүбүздө, биз, Кыргызстандын медиа коомчулугу, өлкөбүздөгү сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигин коргоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бургубуз келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттери социалдык тармактарда буга чейин болуп көрбөгөндөй опузага жана куугунтуктоого туш болушту. Мындай куугунтук 2019-жылы башталган, ошол жылы Кыргызстанда бир нече олуттуу журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын алкагында жогорку деңгээлдеги жемкорлуктун жана бажыда тармагындагы уурулук схемаларынын жүзү ачылган. “OpenDemocracy” басылмасы жазгандай, өлкөдө көптөгөн троллдор фабрикалары уюштурулган.

Троллдор фабрикалары жүргүзгөн мындай өнөктүк социалдык тармактарга акы төлөнгөн постторду жапырт түрдө жайгаштыруу менен мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттерин жана алардын иликтөөлөрүн жокко чыгаруу максатын көздөйт. Бул бир жагынан журналисттердин үнүн басуу, экинчи жагынан манипуляциялоо жолу менен жарандарга, шайлоочуларга таасир этүү максатында жасалууда. Алалы, 2020-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоодон кийин жана бийлик алмашкан соң мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттерине кол салуулар катталып, опузалоо, коркутуу онлайн гана эмес, офлайн режиминде да болуп жатканы белгилүү.

2020-жылдын ноябрда журналисттерге каршы онлайн чабуулдар, 2021-жылдын январь айында да уланды. Буга мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттери Конституциянын жаңы редакциясындагы олуттуу коркунучтар жана тобокелдиктер жөнүндө суроолорду беришкени, же Конституцияны өзгөртүү процессинде тиешелүү процедуралык мыйзам бузуулар болуп жатканы жөнүндө коомчулукту кабардар кылганы себеп болду.

Төбөсү көрүнгөн саясатчылар тарапкерлеринин журналисттерге кол салууларын айыптамак түгүл, өздөрү да конституциялык укуктарын мыйзамдуу пайдаланып, өз пикирин билдирип жаткан журналисттер жана башка жарандар жөнүндө эки ача сөздөрдү айтуудан тартынышпайт. Сын маанайдагы пикирди айткандарды куугунтуктоо, тилекке каршы, мамлекеттик маалымат каражаттарында да уланып жатат. Бул медиа каражаттары үгүт жүргүзүү үчүн, өлкөдө болуп жаткан окуяларды бир тараптуу чагылдыруу максатында колдонулуп келүүдө.

Мына ушундай эбегейсиз зор кысымга карабастан, мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттери биздин өлкөнүн жарандарын маалымат менен камсыздоо үчүн күн сайын баш көтөрбөй иштеп келатышат. Бул Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында куралдуу кагылышуу болгон соңку күндөрү да өзгөчө маанилүү болду. Мамлекеттик эмес ЖМКнын журналисттери даярдаган материалдар чет тилдерде өз убагында тарап, мунун натыйжасында өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу ишенимдүү маалыматты  Кыргызстандын ичинде гана эмес, анын чегинде, башка өлкөлөр да алышты.

Бардык кыйынчылыктарга жана тобокелчиликтерге карабастан, окуя болгон жерде жүргөн журналисттер жана кабарчылар өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарышууда. Алар ишенимдүү, салмактуу жана ыкчам маалыматтарды чогултуп, жайылтуу менен өздөрүн адам укуктарынын жигердүү коргоочусу, кырдаалды жөнгө салуу маселесинде медиатор катары да көрсөтө алышты.

Чек арадагы кырдаал  азыр да туруксуз бойдон калууда. Ушуга байланыштуу биз дагы бир жолу бийликтин эсине салгыбыз келет: коом ишеним артып, бийликтин чечимдерин колдоп бериши үчүн, бул чечимдер ачык-айкын болууга тийиш. Бул үчүн мамлекет  ЖМКнын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып бериши керек, өз кезегинде журналисттер өлкөдө болуп жаткан окуялар жана кабыл алынган чечимдер тууралуу коомду ыкчам жана ишенимдүү маалымат менен камсыздай алышат».

«Медиа Полиси Институту» КФ
«24.kg» маалымат агенттиги
Көз карандысыз журналисттер биримдиги
«Журналисттер» коомдук бирикмеси
Kaktus.media
Иликтөөчү журналистика фонду
Адель Лаишова
Азамат Тынаев
Тынымгуль Эшиева
Тамара Валиева
Марат Токоев