Фонддун өнөктөштөрү, «Рековери» борбору, коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстандын жашоочуларына акысыз психологиялык жардам көрсөтүүдө. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

COVID-19 курчуп турган мезгилде адистердин жардамына муктаж болгон адам Кыргызстандын баардык аймактарынан онлайн режиминде психологиялык консультацияга кайрыла алышат.

Консультация учурунда сезимтал жана кооптуу учурларды талкуулап, пандемия учурунда психологиялык ден соолукту калыбына келтирип, квалификациялуу адистерден бекер жардам алууга мүмкүнчүлүк бар.

📲 Адистер менен төмөнкү номурлар менен байланышса болот:
👉🏻 Зарина Файзулина, психиатр, Бишкек шаары – 0552 280 286;
👉🏻 Бегайым Борбиева, психолог, Ош шаары – 0773 248 240;
👉🏻 Назгүл Чолпонкулова, психолог МДК, Каракол шаары – 0709 857 985, 0772 454 787;
👉🏻 Гүлмира Базарбаева, психотерапевт, Бишкек шаары – 0557 272 741.

Бүгүн өлкөдө коронавирустун жана пневмониянын 385 жаңы учурлары аныкталды. Ар кимден маска кийип, колуңузду кармаңыз жана аралыкты сактаңыз деп суранабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!