«Сорос-Кыргызстан» Фонду Фонддун Маалыматтык программасынын гранттык конкурстарынын жеӊүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялайт: «Теӊдик жана социалдык адилеттик принциптеринин илгерилетүү үчүн Civic Tech долбоорлорун (жарандык технологияларды) колдоо боюнча Инновациялык Фонд» жана «Менин санариптик укуктарым». Төмөндө долбоорду ишке ашырууга жана идеяларды сыпаттоого грант алган уюмдардын аталышы берилет.

«Теӊдик жана социалдык адилеттик принциптерин илгерилетүү үчүн Civic Tech долбоорлорун (жарандык технологияларды) колдоо боюнча Инновациялык Фонд»

Civic Tech (жарандык технологиялар) – социалдык теӊсиздикти төмөндөтүүгө, социалдык адилеттикти бекемдөөгө, калктын аярлуу катмарын колдоого, жарандык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган куралдар жана сервистер. Civic Tech куралдарын пайдалануу жарандарды белгилүү теманы чечүүнүн айланасында биригүүгө жардам берет, аларды тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеӊейтет жана социалдык өзгөрүүлөрдү шарттайт. Мындай технологиялар жарандарды ар түрдүү жааттардагы маселелер боюнча бириктире алат: билим берүү, саламаттык сактоо, ыктыярчылык практикасын өнүктүрүү, ДМЧА жана инклюзия көйгөйлөрүн чечүү, кыйла сапаттуу чечимдерди талдоо жана илгерилетүү үчүн ачык маалыматтарды колдонуу ж.б.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жарандар тарабынан маалыматтарга (demand-side) болгон суроо-талаптарды мамлекет тарабынан колдоо (supply-side) маалыматтарды активдүү ачуу үчүн маанилүү фактор болуп саналарын ырастайт. Башкача айтканда, маалыматтарды чогултуу гана эмес, аларды пайдалануу алда канча маанилүү жана жарандык технологиялар бул милдетти чечүүчүлөрдүн бири боло алат.

Конкурстун максаты: пандемия доорунда социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарандык бирикмелердин өз ара бир кыйла натыйжалуу аракеттенүүсүн, бийликтин жана коомдун өз ара аракеттенүүсүн, бизнестин жана жарандык уюмдардын натыйжалуу кызматташтыгын курууну шарттайт.

Бардык кабыл алынган 39 өтүнмөнүн ичинен төмөнкү үч долбоордук сунуш тандалып алынган:

  1. «Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ишке ашыруу үчүн эксперттик чечимдер» КФ – майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик органдардын сайттарынын санариптик жеткиликтүүлүгү.
    Долбоорду сыпаттоо: digital accessibility талаптарын жана майыптыгы бар адамдардын маалыматка жетүү укуктарын эске алуу менен интернет-сайттарды иштеп чыгуу маданиятын калыптандыруу.
  2. «Айылмаалымат» маалыматтык-маркетингдик борбор МИ – Telegram-бот «ДыйканДос».
    Долбоордун сыпаттамасы: маалыматтарга жана ыкчам маалыматтарга, реестрге жетүүнү камсыз кылуу. Колдонуучулардын суроо-талаптарына онлайн-форматта жооп берүүгө мүмкүндүк берүүчү системаны, Telegram-бот технологиялары аркылуу Кыргыз Республикасынын фермерлери үчүн ыкчам кайтарым байланышты кеӊейтүү жана өнүктүрүү, фермердердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү.
  3. «АйТиЭс Текноложиз» ЖЧКсы – калк аркылуу маалыматтарды санариптештирүү.
    Долбоорду сыпаттоо: калктын (аярлуу катмарын) Интернет аркылуу иштеп табууга мүмкүн болгон санариптик көндүмдөрүн калыптандыруу. Санариптик сабатсыздыкты төмөндөтүү.

 

«Менин санариптик укуктарым»

Технологияларга сүӊгүп кирүүнүн өсүшү менен маалыматтык демократиянын өнүгүү коркунучу көбөйүүдө. Ошентип, адамдын өзүнүн уруксатысыз автоматтык чогултуу жана биометрикалык жеке маалыматтарды иштеп чыгуу системасын пайдалануу менен жарандардын үстүнөн катуу мамлекеттик контроль жүргүзүү, жарандардын укуктары жана эркиндиктери жаатында келип чыккан бардык коркунучтар аркылуу авторитаризмди болуп көрбөгөндөй күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ушуга байланыштуу, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кийинки төрт жылга артыкчылыктарынын бири санарип дүйнөсүндө санариптик укуктарды жана жашырындуулукту, анын ичинде санариптик укуктарды коргоо жаатында жарандык тажрыйбаны жана экспертизаларды өстүрүү аркылуу аталган маалыматтарды кармоочулардын жеке жашоо сырларды жана жеке маалыматтарды кыянаттык менен пайдалануусунан коргоо болуп саналат.

Конкурстун максаты: санарип чөйрөсүндө санариптик укуктарды, жеке маалыматтарды, жашырындуулукту коргоо маселелерин жарандарга окутуу жолу менен, анын ичинде жеке санариптик коопсуздукту камсыз кылуунун белгилүү методдорун жана технологияларын пайдалануу жолу менен, санариптик укуктарды илгерилетүүгө жана коргоого багытталган долбоорлорду колдоо.

Бардык кабыл алынган 27 өтүнмөнүн ичинен төмөнкү беш долбоордук сунуш тандалып алынды:

  1. «Борбордук Азиядагы Дебаттардын Эл аралык Билим берүүчү Ассоциациясы» КФ (IDEA CA) – Санариптик жашырындууулук, коопсуздук жана жашыруун байкоонун (же Санариптик укуктун) ортосундагы жайгашууну аныктоо.

Долбоорду сыпаттоо: санариптик укук боюнча маселелердин айланасында пайдалуу, маалымдуу коомдук баарлашууга активдүү тартылуучу адамдардын көп массасын түзүү (биринчи кезекте, жаштардын арасында).

  1. «Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү» – КРда сектор боюнча жеке маалыматтарды (ЖМ) чогултуунун көлөмүн жана максаттуулугун изилдөө.

Долбоорду сыпаттоо: сервистерди же бонустук карталарлы алууда сектор боюнча Кыргыз Республикасында чогулуучу жеке маалыматтардын көлөмүн изилдөө. КР мыйзамдарына жана эл аралык сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык учурдагы маалыматты талдоо. Жарандар үчүн ЖМ чогултуу, сактоо жана иштеп чыгууга макулдук алуу текстинин жеткиликтүүлүгүн кошумча изилдөө. Изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде ЖМ коргоо боюнча мыйзамдык базаны жакшыртуу үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу. Ошондой эле калктын кабарлуулугун жогорулатуу максатында натыйжаларды «ашыкча» чогултулуучу ЖМ жөнүндө коомчулукка жайылтуу.

  1. «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпания» мекемеси – Мен билем…

Долбоорду сыпаттоо: калктын санариптик укуктарын илгерилетүү жана коргоо үчүн маалыматтык мультимедиалык контент менен камсыз кылуу. Маалыматтык графикалык роликтерди жаратуу аркылуу санариптик чөйрөдө жарандарды санариптик укуктарды, жеке маалыматтарды, жашырындуулукту коргоо маселелерине окутуу.

  1. «Кыргызстандын юридикалык коомчулугу» – Санариптик укуктар. Теориялык жана практикалык чечимдер.

Долбоорду сыпаттоо: санариптик укуктарды колдонуунун жана коргоонун теориясын жана практикасын киргизүү. Санариптик өз ара байланышты табуу, пайдалануу жана жайылтуу жана жеке мүнөздөгү жашыруун маалыматтардын маалымат базасын түзүү, пайдалануу процессинде табигый билимдерди кеӊейтүү. Андан ары колдонуу жана жайылтуу үчүн санариптик укуктар жаатында билим берүүчү мүнөздөгү сапаттуу контентти түзүү.

  1. «Интернет саясатындагы жарандык демилгелер» КФ – Digital Week.

Долбоорду сыпаттоо: Digital Week өткөрүүнүн максаты жарандардын, жаштардын, бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын өздөрүнүн санариптик укуктары, жеке маалыматтары жана жеке жашоосун коргоо укуктары жөнүндө кабарлуулугун жогорулатуу, санариптик укуктар жаатындагы жашырындуулукту жайылтуу, ошондой эле Кыргызстанда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү болуп саналат.