Ушул жумада «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда биздин өнөктөшүбүз Программалык камсыз кылуу жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы тарабынан окуучулардын арасында Кыргызстандагы IT-кубок 2021 финалы өткөрүлдү. КР бардык региондорундагы окуучулардын потенциалын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда окуучулардын арасындагы IT-кубок биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок. Ошондой эле окуучулар үчүн программалоо боюнча бул олимпиаданын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү Кыргыз-Россия Славян университети жана TimelySoft LLC IT-компаниясы болду.

IT-кубоктун жеӊүүчүсү болуп Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинен Данияр Бейшекеев аныкталды.

Байгелүү орундар төмөнкүдөй негизде бөлүштүрүлдү:
1-орун – Данияр Бейшекеев
2-орун – Талант Дыйканов
3-орун – Артур Айдаров