«Сорос-Кыргызстан» Фондунун билим берүү программасы «Инклюзивдик билим берүү боюнча демилгелерди колдоо» долбоорунун алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана калктын социалдык аярлуу топтору үчүн билим берүүгө жетүүнү камсыз кылууга багыттлаган долбоордук сунуштар конкурсунун жеңүүчүлөрүн жарыялайт. Төмөндө долбоорду ишке ашырууга грант алган уюмдардын аталышы жана алардын идеяларынын сыпаттамасы берилди.

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө долбоордук сунуштардын конкурсу

Конкурстун алкагында калктын социалдык аярлуу катмарындагы балдар жана атайын билим берүүгө муктаж балдар, анын ичинде катаал эпидемиологиялык кырдаал шарттарында билим берүүгө жетүүнү камсыз кылуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбаны көрсөтүүчү долбоорлор колдоого алынды.

Келип түшкөн 47 өтүнмөнүн ичинен төмөнкү жети долбоор тандалып алынды:

  1. «Өлкөнүн келечеги» КФ
    Долбоордун сыпаттамасы: КР инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн квалификацияны жогорулатуу системасында ИББ боюнча окутуу программаларынын мазмунун жана методикасын өркүндөтүү.
  2. «Өнүктүрүү» балдар борбору» КБ
    Долбоордун сыпаттамасы: угуусу бузулган жана айкалышкан диагноз коюлган балдарга өз убагында жана комплекстүү жардам берүү (диагностика жана калыбына келтирүү)
  3. «Луч добра» КБ
    Долбоордун сыпаттамасы: Социалдык кооптуу абалдагы балдарды мектепке комплекстүү даярдоо үчүн кеңейтилген курсту түзүү
  4. «Smile.KG» КФ
    Долбоордун сыпаттамасы: Кыргызстандын түштүгүндөгү майыптыгы бар өнүгүүсү бузулган балдарды окутуу, активдештирүү жана эрте кийлигишүү жана сапаттуу инклюзивдик билим берүү системасына алардын ата-энелерин тартуу жолу менен билим алууга жетүүсүн камсыз кылуу.
  5. «Сантерра – Юг» Дауна синдрому бар балдардын ата-энелери» коомдук кайрымдуулук фонду
    Долбоордун сыпаттамасы: Медперсоналдардын Дауна синдромуна заманбап жолдорду киргизүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, ата-энелерди ДС бар балдарды өнүктүрүү көндүмдөрүнө үйрөтүү, жалпы билим берүү мекемелеринин адистерин инклюзивдик мамилеге окутуу, ДС бар балдарды инклюзияга даярдоо.
  6.  «ЯВНА» балдар кайрымдуулук фонду
    Долбоордун сыпаттамасы: калыбына келтирүү багытындагы атайын жабдылган бөлмөлөрдү жабдуу жана ачуу, мында 30 жана андан ашык балдар күн сайын сабак окуп, ден соолукту чыңдоочу процедураларды алышат.
  7. «Шоола-Кол» КБ
    Долбоордун сыпаттамасы: Жалал-Абад жана Нарын областтарында эрте кийлигишүүнүн методикаларын жана куралдарын илгерилетүү жана жайылтуу үчүн эрте кийлгишүү адистерине уюштуруу, маалыматтык, консультациялык жана методикалык баштапкы жардамдарды көрсөтүү; эрте кийлигишүүнүн Кыргызстан үчүн прогерссивдүү методдорун жана жаңы технологияларын киргизүү жана сыпаттоо.