«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Цензурасыз» демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасында социалдык адилеттүүлүк, адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу темасындагы документалдык тасмаларды жаратууга өтүнмөлөрдү кабыл алуун башталгандыгын жарыялайт.

Долбоордун максаты болуп эркиндик, маданият жөнүндө ачык жана кеңири пикирди калыптандыруу, Кыргызстанда азыркы коомдо адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруунун шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү үчүн айрым документалдуу тасмаларды жаратуу саналат.

Жаңы багыттарды, формаларды жана маанилерди ачкан демилгелер колдоого алынат.

Бир тасманын хронометражы – 90 мүнөткө чейин.

Өтүнмөлөрдү баалоонун критерийлери:

  • Окуянын кереметтүүлүгү жана актуалдуулугу (сценарий түрүндө)
  • Тартылгандан кийинки ишке ашыруу планы (көрсөтүүлөрдүн, талкуулардын, тасма фестивалдарына катышуулардын саны)
  • Тең — өнөктөштүккө, тең — каржылоого жана / же жеке салымдарга артыкчылык берилет
  • Кино чөйрөсүндөгү иштердин тажрыйбасы
  • Сценарий тартууну ишке ашыруу боюнча план

 

Өтүнмө берүүчүлөрдүн критерийлери:

  • Практикадагы режиссерлер, сценаристтер, киностудиялар;
  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • Иш тажрыйбасыны болушу милдеттүү

Бир тасма үчүн максималдуу грант – 2000 АКШ доллары

Гранттар юридикалык жана жеке жактарга берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2021-жылдын 30-октябрына чейин.

Өтүнмөлөр үчүн керектүү документтер:

  1. Грантка толтурулган өтүнмө (электрондук версиясын көчүрүү)
  2. Сценарийлик өтүнмө – сценарийдин негизги идеясын эркин формада баяндаган документ  (логлайн жана синопсис)
  3. Толтурулган бюджет (Excel)
  4. Мурдагы иштеринин баяндамалары
  5. Сценарий тартууну ишке ашыруу боюнча план
  6. Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк (юридикалык жактар үчүн)
  7. ID көчүрмөсү (жеке жактар үчүн)

Толтурулбаган өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт.

Тандоо процесси

Тандоо процесси эки этапта жүргүзүлөт:

  • Суралган документтердин толук топтому бар өтүнмөлөрдү баштапкы тандоо жана бир кыйла туура келген талапкерлерди маектешүүгө чакыруу.
  • Экинчи тандоо жеке маектешүүнүн негизинде жүргүзүлөт, анын натыйжасында долбоордун катышуучулары тандап алынат.

 

Бардык өтүнмөлөр катуу тартипте жашыруун каралат

Конкурстун мөөнөттөрү жана байланыш маалыматтары:

Конкурстук өтүнмөлөр 2021-жылдын 14-июну саат 17.00гө чейин кабыл алынат.

Бардык кызыккан талапкерлер жогоруда саналган документтерди электрондук версияда applications@soros.kg дарегине катка «Кино жаатындагы грант» деген тема менен жөнөтүүгө тийиш.

Өтүнмөлөр рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. Конкурска катышуу шарттары менен кылдат таанышууну өтүнөбүз. Суроолор болсо, ошондой эле өтүнмөнүн электрондук версиясынын алынгандыгын тактоо үчүн Виктория Юртаевага viktoria@soros.kg дареги боюнча кайрылуу керек.

«Искусство жана маданият» программасынын гранттык конкурсу жөнүндө маалыматтык жолугушуу 4-июнда саат 16.30да «Сорос-Кыргызстан» Фондунун кеңсесинде Бишкек ш. Логвиненко көч. 55А дарегинде өткөрүлөт.