Калктын социалдык-аярлуу топторунун өкүлдөрүнө турак-жай бир жолу берилген: 2008-жылы – Бишкекте 225 батир, 2018-жылы – Ошто 66 батир. Бирок Бишкекте 75 батир жана Ошто 40 батир таптакыр бөлөк адамдарга бөлүнүп берилген. Бишкекте дагы, Ошто дагы муниципалдык органдар үй-жайсыздардын статистикасын жүргүзбөйт – алардын саны жана динамикасы белгисиз. Жетиштүү турак-жайга болгон укук маселелери боюнча отчеттун маалыматтары. Изилдөө «Арзан жана коопсуз турак жай шаары» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Наше право» КФ менен биргеликте «МЦ Интербилим» КБ Ош филиалы тарабынан жүргүзүлгөн.

Бүгүн Бишкекте пандемия мезгилинде калктын социалдык-аярлуу тобун жетиштүү турак-жайга укугун ишке ашыруу маселелери боюнча социологиялык сурамжылоонун натыйжаларын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага ЖК депутаттары, Акыйкатчынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү; эксперттер жана ДМЧ адамдар катышышты. Изилдөөчү компания «Инноваицялык Өнүктүрүү Лигасы» жана «МЦ Интербилим» КБ Ош филиалы калктын аярлуу тобуна социалдык сурамжылоолордун натыйжаларын баяндап көрсөтүп беришти: ДМЧА, жетим балдар, белгилүү жашаган жери жок адамдар, ошондой эле пандемия мезгилинде жетиштүү турак-жайга укуктарды ишке ашыруу үчүн ипотекалык кредит алган адамдар.

Кыргызстанда жарандардын жетиштүү турак-жайга укуктарын камсыз кылуу олуттуу көйгөй болуп саналат. Ал эми пандемия турак-жай чөйрөсүндө атап айтканда, калктын аярлуу категорияларына тиешелүү олуттуу көйгөйдү ачып көрсөттү жана тереңдетти. Калктын аярлуу топторунун жетиштүү турак-жайга болгон укугу мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан тийиштүү деңгээлде камсыз кылынбайт жана ал кагазда гана калат. Үй-жайсыздар бийлик органдары тарабынан жетиштүү турак-жайга муктаж болгон адамдардын категориясы катары каралбайт. Дагы бир көйгөй – баш калкалоону колдонуунун мөөнөтүнүн 3-6 ай менен чектелгендиги. Пандемия жана кыймылга чектөө киргизилген мезгилде  көптөгөн үй-жайсыздар туруктуу иштеп табууга, тамактанууга, түнөөгө, жуунуу мүмкүндүгүнө, меджардамга жете алышкан жок жана милициянын куугунтуктоосуна кабылышты.

Конституцияда жана КР Турак-жай кодексинде өлкөдө аярлуу категориядагы жарандардын жетиштүү турак-жайга болгон алгачкы даражадагы укугун кепилдеген ченемдердин бар экендигине карабастан, иш жүзүндө бул укукту камсыз кылуу ишке ашырылбайт. ӨК мезгилинде калктын аярлуу топторунун алдында турган социалдык чакырыктарды чечүүгө багытталган кандайдыр бир саясат жана программа жок. Ал эми КР Өкмөтүнүн колдонуудагы турак-жай программасы өлкөнүн төлөөгө жөндөмдүү жарандарына багытталган.

Социологиялык сурамжылоонун натыйжасында Бишкек жана Ош шаарларына жашоо үчүн көчүп келишкен ички мигранттар респонденттердин негизги үлүшүн түзгөндүгү аныкталды. Респонденттердин көпчүлүк бөлүгүн түзгөн, шаарларга жашоо үчүн көчүп келгендердин арасында ДМЧА (82%) жана ипотекалык кредит алган адамдар (74%). Бишкек жана Ош шаарларында төрөлүп, өскөндөрдүн арасында анык жашаган жери жоктор (41,8%) жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү (38,3%).

Дискуссиянын жыйынтыгында, катышуучулар социалдык сурамжылоонун тыянактарын жана сунуштамаларын талкуулашты жана КР Өкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштамаларды калтырышты:

– КР Өкмөтүнүн 2021-2026-жж. «Менин Үйүм» мамлекеттик турак-жай программасында батирге муктаж болгон жарандарга кыймылсыз мүлк рыногундагы баадан төмөн болгон, сатып алуунун ар түрдүү ыкмаларын эске алуу менен социалдык турак-жай курууну караштыруу;

– акысыз негизде турак-жай сатып алууну толук каржылоо мүмкүндүгү, же болбосо КР Өкмөтүнүн 2021-2026-жж. «Менин Үйүм» мамлекеттик турак-жай программасындагы жалпы сумманын 50% төлөө менен балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана ДМЧ адамдарды колдоонун механизмдерин киргизүү;

– интернат тибиндеги балдар үйүнүн тарбиялануучуларын балдар үйүнөн чыгаргандан кийин убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу аркылуу 3 жыл социалдык коштоо боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигинин долбоорун колдоо.