Кыргызстан боюнча 35 информатика мугалими eduhub.kg платформасында квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн-окуудан өтүштү. «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда информатика мугалимдерин даярдоо жана кайра даярдоо үчүн Кыргыз информатиктер ассоциациясы eduhub.kg окутуучу порталын ишке киргизди, анда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу онлайн-курстар жайгаштырылган. «Жаңы предметтик стандартты пайдалануу менен информатика мугалимдерин окутуу» долбоорунун алкагында мугалим-методисттердин педагогикалык тажрыбаларынын жана Кыргыз Республикасынын мектептеринде информатика боюнча мектеп курсун окутуунун натыйжаларынын негизинде электрондук материалдар түзүлдү.

eduhub.kg курсунан өткөндүгү тууралуу биринчи тастыктаманы Омор уулук Кожеке атындагы орто мектебинин информатика мугалими Аман Болотбек уулу алды.

EduHub – бул Массачусет техникалык университети жана Гарвард университети тарабынан иштелип чыккан эркин код менен кирүүчү онлайн-курстар. Платформа дүйнөнүн жетектөөчү университеттери жана дүйнө жүзү боюнча ондогон башка билим берүү уюмдары тарабынан пайдаланылат.

Билим берүү платформасы тандалып алынган, ошондуктан EduHub сайты толугу менен кыргыз тилине ылайыкташкан – платформа кыргыз, орус жана англис тилдеринде колдонуучу интерфейстерди камсыз кылат. EduHub студенттердин курска чектөөсүз акысыз катталышына мүмкүндүк берет. EduHub сервери КРда атайын жайгаштырылган жана контентти тез жүктөөнү камсыз кылат, бул жай ылдамдыктагы мобилдик интернет аркылуу иштеген региондордогу колдонуучулар үчүн маанилүү. EduHub курсту иштеп чыгуучулар үчүн да, окугандар үчүн да онлайн-окуу жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин камсыз кылат.

Азыркы учурда eduhub.kg сайтында төмөнкү багыттар боюнча окуудан өтүүгө болот:

  • Информатика жана маалымат
  • Компьютер жана программалык камсыз кылуу
  • Программалоо
  • Компьютердик тармактар жана Интернет

Информатика мугалимдерин материалдардын өздөштүрүүгө жана окуунун жыйынтыгы менен Кыргыз информатиктер ассоциациясынан жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Маалыматтык программасынан тастыктама алууга чакырабыз.