Ош шаарында 2021-жылдын 13-июнунан тартып 18-июнуна чейин «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана Кыргыз информатиктер ассоциациясынын колдоосунда түштүк областтардын мектеп окуучуларынын арасында программалоо боюнча Жайкы лагери өтүүдө.

Программалоо боюнча беш күндүк лагерь Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын мугалимдерин окутууга багытталган. Алар өздөрүнүн окуучулары менен биргеликте информатиканы үйрөнүүнүн жаңы багыттары менен таанышып, ошондой эле Python тилинде программалоо деңгээлдерин практикада жогорулата алышат.

Лагерь «Сорос-Кыргызстан» Фондунун региондордо  IT-билим берүүнү колдоо боюнча иш-чараларынын бири болуп саналат жана төмөнкүлөргө багытталган:

  • балдарга жана өспүрүмдөргө IT-технологияларды жана программалоону кыйла терең өздөштүрүүсүнө түрткү берүү;
  • окуучулардын Python программалоо тилин жана графикалык жасалгалоонун негиздерин терең өздөштүрүүсү;
  • коммуникациялык жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, ар башка мектептерде окуган балдарды достукка жана тилектештикке тарбиялоо.

Иш-чара окутуу элементтери менен бирге олимпиада форматында толугу менен кыргыз тилинде даярдалган. Ар бир областтан эки командадан тандалган. Ар бир командада бир мугалим жана төрт окуучу.

Азыркы учурда региондордо балдардын балдардын жаңы санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн  дал ушул информатика мугалимдери түрткү боло алышат. Бирок мугалимдерге информатика боюнча кадимки мектеп курсунун алкагынан тышкары темалар менен «өнүктүрүлгөн» курстарды өтүү үчүн кошумча көндүмдөр талап кылынат.

Буга чейин «Сорос-Кыргызстан» Фонду «Өлкөнүн региондорундагы беш IT-лицей» долбоорун кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин базасында программалоо боюнча курстарды ачуу менен ишке киргизген. Муну менен мектеп окуучулары үчүн өзүнүн жашаган аймактарныда «программист» орто-атайын кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ушул жылы бул лицейлерде кабыл алуу өнөктүгү активдүү башталды, мында лагердин катышуучулары өз күчтөрүн текшере алышат.