19 июль, 2021 жыл Бишкектеги «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун кеңсесинде климаттын өзгөрүшү жана кайра жаралуучу энергия жаатындагы эксперттердин ачык онлайн талкуусу болуп өттү. Гарварддын бүтүрүүчүлөрү Нильс Планел, Боха Гомес Рохо жана Шамил Ибрагимов климаттын өзгөрүшү жана COVID-19 таасиринин шартында Кыргызстан үчүн “Адилеттүү Өткөөл” темасына токтолушту. Эксперттер Кыргызстан кантип жашыл экономикага өтүүнү жеңилдетип, каржылоону тарта ала тургандыгын талкуулашты. Бул жолугушууну Сорос-Кыргызстан фонду уюштурду.

«Адилеттүү өткөөл» термини биринчи жолу 1990-жылдары АКШнын профсоюздары тарабынан жаңы экологиялык саясаттын кесепетинен жумушсуз калган адамдарды колдоо тутумун сүрөттөө максатында киргизилген. Бирок, кеңири мааниде алганда, «Адилеттүү Өткөөл» учурдун эң маанилүү талаптарынын бири болуп саналат: коом декарбонизацияга жетишүү керек, ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөрдү калк арасында бирдей бөлүштүрүү зарыл.

Баяндамачылардын бири, мамлекеттик саясат боюнча эксперти Нильс Планеллдин айтымында, — «Адилеттүү өткөөлдүн ыкмаларын ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат, айрыкча азыркы мезгилде, дүйнөдө теңсиздиктин өсүшүнөн жана глобалдык жылуулуктан улам ар кандай коркунучтар жана анын кесепеттери пайда болуп жатат».

COVID-19 кризисинен кийин, өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү үчүн, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн «кайра куруу жана жакшыртуу» ыкмалары абдан маанилүү. Климаттык кризиске каршы туруу өкмөттөрдүн, корпорациялардын жана финансисттердин күн тартибинде чоң мааниге ээ жана жаңы «жашыл келишимдерге» багытталган.

Ошол эле учурда Евразия аймагындагы өлкөлөр глобалдык жашыл өткөөл маселесинины экинчи жагы менен беттешип калышы мүмкүн. Тагыраак айтканда, ал «Жибек Жолу экономикалык алкагынын курулушуна» байланыштуу. Бул демилге Евразия континентинде жаңы экологиялык тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн. Ал Кыргызстанга жана башка мурдагы советтик республикаларга катуу таасир этиши ыктымал.

«Ушундай кырдаалда, Кыргызстан үчүн жөнөкөй өткөөлдүн натыйжалуу стратегияларын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу үчүн тезинен каржылык жана техникалык жардам издөө өтө маанилүү», — БУУ жана Норвегия өкмөтүнүн консультанты, климаттын өзгөрүшү боюнча эксперти Боха Гомес Рохо деди. «Эл аралык каржы институттары бул тобокелчиликтер жөнүндө билишет, бирок Кытайдын өнөктөш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү экономикалык өсүш жана анын темпи социалдык жана экологиялык адилеттүүлүктөн ашып түшкөндө башка артыкчылыктуу маселелерди белгилеши мүмкүн.»