Кыргызстандын Юридикалык Коомчулугу «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун колдоосу менен юристтер, студенттер жана жеке маалыматтар менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын санариптик мыйзамдарын практикалык колдонуу» темасына арналган тренингди 2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында, Райан-Отелинин конференц-залында өткөрөт.

Тренингдин негизги максаты — күнүмдүк жашоодо санариптик укуктар маселесин ачыктап терең изилдөө. Катышуучулар үчүн лекциялар жана интерактивдүү көнүгүүлөр даярдалды.

Тренингдин биринчи табынын онлайн форматында жүрүшүндө катышуучулар санарип укуктары жөнүндө негизги билимге ээ болушту, алардын адам укуктары менен өз ара аракеттешүүсү, жеке маалыматтарды коргоо, Интернет мыйзамдары жана кибер коопсуздук маселелерин үйрөнүштү.

Уюштуруучулар мындай курстардын маанилүүлүгүн жана өз убагында өткөндүгүн белгилешет. 15 жана андан жогорку жаштагы кыргызстандыктардын 63% га жакыны Интернеттин колдонуучулары. Алардын санарип мейкиндигиндеги аракеттери буга чейин иштеп жаткан мыйзамдар менен жөнгө салынган. «Кесиптик коомчулукка жарандардын санарип укуктарын жана аларды коргоону изилдөө үчүн кошумча билим берүү иш-чаралары керек», — дейт Кыргызстандын Юридикалык Коомчулугунун башчысы А.Мергенбаева.