Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунду ээлегенине карабастан, кыргыз тилдүү маалымат каражаттары негизинен керектүү билим берүү ресурстарына ээ эмес. Кыргыз тилде журналисттердин дээрлик 50 пайызы билимин кеңейтүүнү каалашат, бирок тилеке каршы андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле 31 пайызы тил көйгөйлөрүнөн улам окуу курстарына катыша алышпасын белгилешет.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен  «Журналисттер» коомдук бирикмеси жүргүзгөн  изилдөөгөылайык, кыргыз тилдүү журналистиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири — бул кыргыз тилинде өткөрүлүүчү тренингдердин жоктугу. Өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин көбү кыргыз тилдүү экендигине карабастан, заманбап тренддер боюнча көптөгөн тренингдер орус тилинде гана жүргүзүлөт.

Кыргыз тилдүү маалымат каражаттары коомчулукту агартуу максатында алдыңкы позицияларды ээлеши үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси  жана «Сорос-Кыргызстан» фонду кесиптик билимин жогорулатуу жана кыргыз тилдүү журналисттерди колдоо боюнча долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында мобилдик журналистика боюнча тренингдерди өткөрүү, жаңылыктарды жана аналитикалык материалдарды даярдоо үчүн техникалык база чыңдалды.

Ошондой эле, бул долбоор журналисттерге 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдында «Пресса» деген жазуусу бар 250 жилетти таратып берүүгө мүмкүндүк берди. Кийимдер кабарчылардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө жана алардын коопсуздугуна салым кошот. Жилет кийген журналисттердин  айтымында, шайлоо күнү, анан митинг күндөрүндө алар укук коргоо органдары тарабынан да,  митингчилер тарабынан да мыйзамсыз аракеттерге азыраак дуушар болушкан.