Маалыматтык технологияларынын адистери элдин акчасы кайда жана кантип жумшалып жатканын оңой жана жөнөкөй түрдө түшүнүү үчүн жаңы куралды иштеп чыгышты. Эми Кыргызстандын каалаган жараны реалдуу убакыт режиминде маалымат ала алат.

Бул жөнүндө чет өлкөдөн келген «Open Contracting Partnership (Ачык келишимдик өнөктөштүк)» аттуу эл аралык кызматташтык платформасынын эксперттери кененирээк талкуу жүргүзүшөт. Боло турган иш чара «Ачык Бюджет үчүн «Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен 2021-жылдын 2 сентябрында өтөт.

Эл аралык эксперттер катышуучуларга Кыргызстандын мамлекеттик сатып алууларынын http://zakupki.gov.kg/ веб -порталында жарыяланган мамлекеттик сатып алууларды комплекстүү талдоонун жаңы кесиптик аналитикалык куралын тартуулашат.

Куралдын башкы артыкчылыгы аналитикалык модуль чектөөсүз баарына жеткиликтүү болот — бардык аналитика, бардык салыштыруулар ар бир жаранга жеткиликтүү болот.

Кошумчалай кетсек, эксперттер мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мониторингдин жана көзөмөлдүн мыкты дүйнөлүк тажрыйбалары жана алар бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандайча колдонулуп жаткандыгы тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, Кыргызстанда аналитикалык куралды киргизүүнүн пландары менен этаптарын талкуулашат.

Иш-чаранын форматы: Zoom аркылуу онлайн

Онлайн катышуучуларды каттоо үчүн шилтеме: https://us06web.zoom.us/meeting/register/tZ0ld-mhrD8iGdJINSjmguSTkT3o_TsVpGou

Убакыт:
2021 -жылдын 2 -сентябры, Бишкек убактысы боюнча 14:00 — 16:00

Facebook трансляциясына шилтеме:
https://fb.me/e/1do5gufeC