«Өлкөнүн келечеги» коомдук фонду билим берүү секторунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, инклюзивдик билим берүү үчүн мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча программаны жана ага тиешелүү материалдарды талкуулайт. Кыргызстандын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуунун жаңы ыкмалары «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен «Квалификацияны жогорулатуу системасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер инклюзивдик жана атайын билим берүү терминдеринин сөздүгү менен, ошондой эле мугалимдерди инклюзивдүү окутуунун минималдуу базалык мазмуну менен таанышат.

Сунушталган сөздүк-маалымдама мугалимдер жамааты үчүн инклюзивдик билим берүү үчүн бирдиктүү концептуалдык аппарат катары кызмат кылат жана инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруунун негизги идеялары менен принциптерин так түшүнүү үчүн шарт болгон бирдиктүү терминологияны колдонууга көмөк көрсөтөт.

Мугалимдерди даярдоо программаларынын иштелип чыккан Минималдуу Базалык мазмуну өмүр бою билим берүү системасынын функционалдык жана педагогикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, өзгөчө муктаждыктары бар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген мугалимдерди даярдоо процессин оптималдаштырууга жардам берет. Бул ошондой эле 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүү Концепциясын ишке ашыруу идеясына толугу менен шайкеш келет.

Бул иш-чарага билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат, атап айтканда: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Мектепте билим берүү департаменти, Мектепке чейинки билим берүү дирекциясы жана Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы ЖОЖдордун дирекциясы. Кыргыз Республикасы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык педагогикалык квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, ЖОЖдордун кызматкерлери, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ), Ага Хан Фондунун, бейөкмөт уюмдар секторунун өкүлдөрү жана башка өнөктөштөр.

Жолугушуу 2021-жылдын 3-сентябрында, саат 14:00дө, “Сорос-Кыргызстан” фондунун кеңсесинде өтөт. Адрес: Бишкек шаары, Логвиненко, 55А, көчөсү

Тел.: 0312 580109
Электрондук почта: future.country2016@gmail.com