«Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен  Баткен областында кездешкен көйгөйлүү маселелерди талкуулоо айлампасын сунуштайт. Коомдук фонд тарабынан жүргүзүлгөн Баткендеги массалык маалымат каражаттарына эки айлык анализдин жыйынтыгына ылайык, басылмалардын 80 пайызы терс. Ошондой эле Баткен областындагы чек арага чектеш айылдардагы жашоочулар кайрадан эле күнүмдүк турмушта адам өмүрүнө коркунуч алып келген чыр-чатактар тобокелдигинде жашап келет.

Кыргыз-тажик чек ара тилкелериндеги жергиликтүү калк, эки өлкөнүн чек арачылары  ортосундагы чыр-чатактар эки мамлекеттин ортосундагы такталбаган  чек ара тилкелеринин чечилбегендигинен, жер жана суу бөлүштүрүү талаштарынан, баңгизат контрабандасынан жана чек ара тилкесин мыйзамсыз кесип өтүүдөн улам чыгууда.

Баткен областындагы  акыркы 2021-жылдын апрелиндеги чыр-чатактар жергиликтүү тургундар арасында балдарынын келечегинин коопсуздугуна көбүүрөк ойлонууга аргасыз кылды. Буга байланыштуу “Инсан-Лейлек” фонду конфликттен кийинки Баткен облусундагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча эки айлык экспресс-баалоону медиа анализдин контенти, социалдык тармактар ​​жана жергиликтүү тургундардан сурамжылоо аркылуу өткөрдү.

Иштин жыйынтыгы негизги ОБЛАСТТЫН ЖАШООЧУЛАРЫН ЧЕК АРА ЧЫР-ЧАТАКТАРЫНАН СЫРТКАРЫ КАНДАЙ КӨЙГӨЙЛӨР ОЙЛОНДУРАТ? деген суроого жооп берди. Мындан тышкары, бул анализ боло турган дискуссиялар циклинин башталышы катары кызмат кылат. Бул аянтчада аймактагы куралдуу чыр-чатактардан кийин Баткен областын кооптондурган, актуалдуу болгон бардык маселелерге анализ жүргүзүлөт.

Бул талкуулар мамлекеттик кызматкерлердин, көз карандысыз эксперттердин жана жергиликтүү активисттердин катышуусунда өткөрүлүп, миграция, чек араны коргоо, Баткен аймагын өнүктүрүү сыяктуу маанилүү маселелер боюнча    алардын коомдук көз карашын жакшыртуу менен жогоруда белгилеген маселелердин чечилишине шарт түзөт. Анткени Баткен областынын тургундарынан бөлөк эч ким чек арага чектеш жамааттарда тартипти бекемдөө менен жарандык тынчтыкты жана тынч жашоо ыргагын бир калыпка сала албайт.

Маалымдама: Сунушталган талкуулоо айлампасы «Баткен областында эксперттер коомчулугун өнүктүрүү жана жарандык коомчуулук институттары менен диалог түзүү багытында көз карандысыз баарлашуу аянтчасы — Миграциялык обсерватория» долбоорунун алкагында өткөрүлөт

БУЛ ИШ-ЧАРА  «ИНСАН-ЛЕЙЛЕК» ЖАНА «СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» ФОНДУ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛУУДА
Өнөктөштөр: КР  Министрлер кабинетинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Баткен Медиа

ӨТҮЛҮҮЧҮ  УБАКТЫСЫ: 7- СЕНТЯБР, 2021-жыл, саат 14:00 — 16:00
ZOOM ФОРМАТ он-лайн платформасы аркылуу өткөрүлөт
Конференция идентификатору: 719 5482 2329
Кирүү коду: 1111
Катышуучулар үчүн кирүү жана катталуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/meeting/register/upUk cu2grDkpGN3g3Lk-p2PIrJ_v8Xt8goYO
Иш-чараны өткөрүү тили: Кыргыз тили
Онлайн трансляция шилтемеси: https://www.facebook.com/insan.leilek/