2021-жылдын 2-сентябрында «Ачык Келишим Шериктештиги (Open Contracting Partnership)» уюуму,  «Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен өлкөдөгү мамлекеттик сатып алууларга анализ жүргүзүү үчүн онлайн ачык портал куралын ишке киргизди.

Аналитикалык портал ар бир жаранга жеткиликтүү жана контракттык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын эффективдүүлүгүнө мониторингди жөнөкөйлөтөт. Мамлекеттик сатып алуулар көптөгөн өкмөттөр үчүн эң чоң чыгымдардын бири болуп саналат жана көп учурда начар башкарылып, коррупцияга алып келет.

Мисалы, европалык эксперттер Евробиримдиктин 3,5 миллион сатып алууларын карап чыгып, мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтарынын ачык анализи атаандаштыкты күчөтүү жана коррупцияны азайтуу аркылуу ЕБ бюджетин 3-6 миллиард еврого чейин үнөмдөөгө мүмкүн экенин аныкташты.

2018 -жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү мамлекеттик сатып алуулар боюнча көбүрөөк маалыматтарды жарыялоого милдеттенме алган, ал эми 2019 -жылы бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде Эсептөө палатасы тиешелүү стратегияларды даярдашкан. Бирок Эсептөө палатасында мамлекеттик сатып алууларды талдоонун эффективдүү практикалык методологиясы жана инструменттери жок болчу.

Иштелип чыккан курал бул боштуктарды толтурат жана аналитиканы куруу жана аны визуалдаштыруу үчүн маалыматтарды чогултуу жана бириктирүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларды жана тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, тез жана колдонууга оңой инструменттерге коомчулуктун жеткиликтүүлүгү аудиттин эффективдүү пландаштырылышына жана булак системасынан аудитордук далилдерди чогултууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда анализ куралы буга чейин ишке киргизилген жана төмөнкү шилтемелерде жеткиликтүү:
Жалып мамлекеттик сатып алуулар — https://bi.open-contracting.org/kyrgyzstan/
Медициналык багыттагы мамлекеттик сатып алуулардын анализи — https://bi.open-contracting.org/kyrgyzstan_med/

Ошондой эле, жакын арада аналитика модулун кененирээк изилдеп, өздөштүрүүнү каалаган журналисттер жана жарандык активисттер үчүн тренингдерди өткөрүү пландалууда.