Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бардык фермерлерге айыл чарба тармагындагы ар кандай маанилүү маалыматты алууга жана чогултууга жардам бере турган «ДыйканДос» көп функциялуу онлайн Telegram ботун сунуштайт. Виртуалдык жардамчы айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Агросмарт» мамилекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан.

«ДыйканДос» негизи фермерлер бардык керектүү материалдарды тез жана оңой таба алышы үчүн, маалыматка жетүү көйгөйүн чечүү жана ошондой эле айыл чарбасынын бардык ыкмаларын чогултуу үчүн жасалган жардамчы. Долбоордун авторлору «ДыйканДос» айыл чарба тармагында бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртат деп эсептешет.

Виртуалдык бот ыңгайлуу санариптик аянтчада дыйкандар менен ишкерлердин Кыргызстандын айыл чарбасына тиешелүү бардык суроолоруна жооп бере алат. Санариптик бот айыл чарба продукциясын өстүрүү боюнча кеңештерди жана маалыматтарды камтыйт жана окуу материалдарына, маалымдамаларга, видеороликтерге, айыл чарбасы боюнча адабияттарга жетүүнү камсыз кылат жана ошондой эле документтердин шаблондорун, каталогдорун жана реестрлерин камсыздайт. Мындан тышкары, дыйкандар продукциянын импорту жана экспорту боюнча материалдарга жана документтерге, гранттар боюнча маалыматка, министрликтин ведомстволук уюмдары боюнча баардык байланыш маалыматтары, даттануулар жана сунуштар жана башка көптөгөн нерселерге ээ болушат.

Гипершилтеме: https://t.me/strong_village_bot
Байланыш маалыматы: «Агросмарт» МИнин директору, Турусбеков Семетей Темирович
Тел.: 0555 442222, 66-20-25