2021-жылдын 15-сентябрында Борбор Азиядагы Коррупцияны жана Акчаны адалдоону изилдөө институту «Антикоррупция боюнча академиялык сертификатталган программасына» тандоо сынагынан өткөн 30 катышуучу үчүн атайын тренингди баштайт. Программа эксперттик потенциалды калыптандырууга жана нөлдүк толеранттуулук жана коррупцияга каршы идеяларды жайылтууга салым кошот.

Сертификаттоо программасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Сынактан өткөн 30 катышуучунун ичинен: жарандык сектордун 11 өкүлү, 6 мамлекеттик кызматкер, бизнес секторунан 7 катышуучу, 2 ЖОЖдун профессору, 2 медициналык кызматкер, 1 Ички иштер министрлигинин өкүлү жана 1 көз карандысыз журналист.

Институттун директору Эркайым Мамбеталиеванын айтымында, «Программа Кыргызстанда уникалдуу болуп саналат жана эксперттерди даярдоо аркылуу позитивдүү өзгөрүүлөргө таасир этүүгө жана бийликтин бардык деңгээлдеринде өсүп жаткан коррупция көйгөйү менен күрөшүү үчүн потенциалды күчөтүүгө багытталган. Анткени бул көйгөй өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшүнө чыныгы коркунуч болуп калды».

Кыргызстан бир топ убакыттан бери коррупциянын деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн тобунда. Transparency International уюмунун маалыматы боюнча, биздин өлкө коррупциянын индекси боюнча 180 ичинен 124 -орунда турат.

Коррупцияга каршы билим берүү жана элге билим берүү боюнча максаттуу системалуу иштин жоктугу өлкөдө коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруудагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Экспертизанын начардыгы, эксперттер үчүн окуу жана билим берүү программаларынын жоктугу жана пассивдүү адвокатура коомдун коррупцияга карата толеранттуулугун сактоого өбөлгө түзөт.

Уюштуруучулар белгилегендей, тренингдин алкагында студенттер изилдөө жүргүзүү, ошондой эле коррупцияга каршы башкаруу моделин ар түрдүү тармактарга киргизүү, калкка билим берүү жана маалымат берүү, коррупцияга сабырсыздыкты өрчүтүү, ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдарды жакшыртуу үстүндө иштешет.

Бул программанын алкагында ар бир катышуучу өзүнүн илимий долбоорун түзөт жана алган теориялык билимин практикалык кадамдар менен аларды андан ары ишке ашыруу үчүн айкалыштырган жеке иш планын даярдайт.