Евразиянын борборлорун кыдыруунун алкагында Өзбекстандан белгилүү музыканттар Кыргызстанга келип, ЭЛЕКТРООКО музыкалык долбоорун көрсөтүшөт. OpenAir форматындагы концерт 2021-жылдын 18-сентябрында саат 19:30дө Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанында, «Icon Development» компаниясынын, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун, Бишкек мэриясынын жана Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин колдоосу менен өтөт.

ЭЛЕКТРООКО — Өзбекстандын эң дымактуу музыкалык долбоору. Синт-поп жанрындагы музыкалык топ автордук музыканы орус тилинде аткарат. ЭЛЕКТРООКОнун адаттан тыш үнү фантастикалык, ирониялык жана постмодерндик лирика менен айкалышкан жандуу скрипка, гитара жана электрониканын синтезин жаратат.

Белгилүү өзбек музыканттары Ашот Даниелян менен Никита Макаренко тарабынан 2020 -жылы чогултулган ЭЛЕКТРООКОтобу «Тревожный звонок (Ойготкуч чалуу)» деген дебюттук альбомун жана «1984» аттуу ырынын дистопиялык клибин чыгарышкан, бул көркөм чыгармалар топко жергиликтүү атак алып келишинин негизги себеби болду. 2020 -жылдын декабрында атагы чыккан топ Өзбекстанды кыдырып, Фергана, Самарканд, Бухара, Нукус жана Ташкентте концерттери менен толук залдарды чогулткан.

ЭЛЕКТРООКОнун ийгиликтүү жетишкендиктеринин арасында Өзбекстандын Улуттук симфониялык оркестри менен болгон спектакли, ошондой эле 2021-жылдын май айында Ташкентте өтүүчү «Беш демилге кыймылы» фестивалында 5000 кишиге арналган бир сааттык жеке концерти да бар.

Ошондой эле азыркы тапта, ЭЛЕКТРООКО Өзбекстандын тарыхындагы эң чоң масштабтагы клиптин премьерасын даярдап жатат. Арал деңизинин кайтып келиши жөнүндөгү сюжеттин үстүндө 510дон ашык адам иштеген. Анын арасында атактуу музыкалдык топтор менен иштеген адистер да бар, мисалы — оператор Дмитрий Волмер (Би-2, L-One) жана визуалдык эффекттердин продюсери Азамат Сайфуллаев (Оксимирон, Хаски).

Чыгармачылык тарыхын улантууда, ЭЛЕКТРООКО «Арал кыялы. Эртең» деген климаттын өзгөрүшүнө жана аймактагы экологиялык кырсыгына арналган долбоорун негиздеген.

Концерттер менен саякаттап жүргөндө, музыканттар деңиздин тарыхына арналган уникалдуу ырларын ойношот, ошондой эле угуучуларына адаттан тыш фирмалык белектерди таратат.

Евразия борборлорун кыдыруу алкагында, топ Душанбе — Бишкек — ​​Алматы — Киев — Москва – Ташкент шаарларына барышат. Бул долбоор Өзбекстандын Туризм жана Спорт министрлиги жана Швейцариянын Өзбекстандагы Элчилигинин Швейцария Кызматташтык Бюросунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.