Бишкекте биринчи шаардык маалымат платформасынын презентациясы болуп өттү. Платформа бардык жарандар үчүн муниципалдык кызматтардын маалыматтарын ачык көзөмөлдөө жана талдоо үчүн инструмент болуп саналат. Бүгүнтөн баштап, citydata.kg сайтында Бишкек шаарынын тургундары абанын сапатынын учурдагы көрсөткүчтөрүн, жол кырсыктарынын статистикасын, тез жардам чакыруулары боюнча маалыматтарды, ошондой эле шаардын райондорундагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери тууралуу маалыматты көзөмөлдөй алышат. 

Презентацияда идеянын автору жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов «Civic City Dashboard” (Жарандык шаардын панели) муниципалдык кызматта иштеген жетекчилер үчүн шаарды жакшыртууда эффективдүү чечимдерди кабыл алууга жардам берээрин айтып берди. Мисалы:

  1. Тез жардам чакырууларынын статистикасы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шаардын кайсы аймактарында инциденттер басымдуулук кылганын түшүнүүгө түз жардам берет жана бул маалыматтарга таянып, аймактардагы коопсуздукту жакшыртат.
  2. Жол -транспорт кырсыгынын мониторинги шаардын муниципалдык органдарына көйгөйлүү аймактарды аныктоого жана визуалдаштырылган маалыматтар түрүндө далилдер базасына ээ болуп, жол белгилерин орнотууну, ылдамдыкты чектөөнү жактоого жана жол кырсыктарын азайтуу боюнча пландарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  3. Азыркы тапта экологиялык абалдын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири абанын сапатынын индекси болуп саналат. Бишкек үчүн бул мамлекеттен кылдат мамилени талап кылган курч маселе. Абанын абалын анализдөө үчүн Жарандык Шаардын панели абанын булганышынын сандык деңгээлин билдирет жана Бишкек шаарынын ичинде орнотулган 28 сенсордун жардамы менен анын динамикасын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
  4. Кийинчерээк платформа участкалык шайлоо комиссиясынын маалыматтары менен толукталышы мүмкүн, бул Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга негиз болот.
  5. Ошондой эле, Бишкектеги активисттерди тартуу менен, аянтча дарактардын санарип инвентаризациясын колдонуу менен шаарды жашылдандыруунун учурдагы деңгээлин көрсөтө алат, ал учурда “Арча Инициативасы” коомдук фондунун тарабынан жүргүзүлүүдө. Шаардагы жашыл мейкиндиктердин жалпы сүрөтүнүн аркасында, жооптуу муниципалдык кызматтар аларды визуалдуу түрдө көзөмөлдөп, кайда жана кандай шаардын кийлигишүүсү керек экенин туура эсептей алышат.

“Жарандык шаардын панели” долбоору шаардык маалыматтарды ишке ашыруу жана колдонуу боюнча жаңы идеяларга ачык жана активдүү жарандарды кызматташууга чакырат. Бардык суроолор боюнча info@citydata.kg электрондук дарегине жазыңыз.