Ачык медициналык коомчулуктун акыркы отчетуна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында 400дөн ашуун бейтап үйүндө паллиативдик жардам алышкан, алардын 86% рак менен ооругандар. Паллиативдик жардам топтору ишеним телефону аркылуу квалификациялуу медициналык, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүштү.

Жыйынтыгында дээрлик бир жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Россиядан, Германиядан, Люксембургдан, Түркиядан жана АКШдан 1228 арыз келип түшкөн. Чет өлкөдөн келген орус тилдүү бейтаптар бул тууралуу социалдык тармактардан же Кыргыз Республикасында жашаган туугандарынан билип, байланышка чыгышты. Андан тышкары онлайн консультацияларды, интернет аркылуу жолугушууларды 522 бейтап алды.

Ачык медициналык коомчулук 2020-жылдын августунан 2021-жылдын июлуна чейин “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен паллиативдүү бейтаптарга үйдө паллиативдик жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана дарыгерлерди, медайымдарды, туугандарын жана ыктыярчыларды коронавирустук пандемия шартында паллиативдик жардамдын негиздерине үйрөтүү боюнча долбоорду ишке киргизген.

Кыргызстанда жыл сайын паллиативдик жардамга муктаж болгон 20 миң адам бар. Бирок, учурда республикада амбулатордук паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн 3 гана мобилдик топ бар, анын ичинде Бишкекте – 2 топ жана Ошто — 1. Бул топтор дарыгерлерден, медайымдардан, социалдык кызматкерден жана ыктыярчылардан турат. Орточо алганда, өлкө боюнча жылына болжол менен 350 бейтап колдоого алынат.

Паллиативдик жардам — бул айыккыс оорунун акыркы стадиясындагы адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу ыкмасы. Кыргызстанда биринчи жолу “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен Ачык Медициналык Коомчулук тарабынан ооруканадан тышкаркы паллиативдик жардам берүү долбоору 2013-жылы башталган. Акыркы жылдары бул тармакка көбүрөөк көңүл бурула баштады, анткени паллиативдик жардамга муктаж бейтаптардын саны жылдан жылга туруктуу өсүүдө. Бул, өзгөчө, COVID-19 мезгилинде, коркунучтуу жана зыяндуу эмес оорулардын кеч диагнозу менен байланыштуу.

“Ачык медициналык коомчулук” уюумунун дарыгерлери бейтаптарга ооруну басаңдатуу жана оорунун симптомдорун басуу, опиоиддик анальгетиктердин дозасын жазып берүү жана башка маселелер боюнча жардам беришти. Бейтаптарга социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жардам жана колдоо, майыптыгы боюнча пенсия, үй тиричилигинде жардам уюштуруу түрүндө көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы «Кызыл Ай» уюмунун волонтерлору менен биргеликте тамак-аш азыктары жана дары-дармектерди алуу үчүн жолдомолор тапшырылды. Бул бейтаптардын 29% жакырчылыктын чегинде жашашына байланыштуу болуп жатат.

Долбоорго кайрылган пациенттердин негизги көйгөйлөрү Кыргыз Республикасынын аймактарында паллиативдик жардамдын жоктугу, опиоиддик анальгетиктерди алуудагы географиялык тоскоолдуктар жана медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликсиздиги болгон. Ушул себептен улам, региондордо дарыгерлерди даярдоо абдан керектүү жана актуалдуу болгон. Медицина кызматкерлери Нарын, Талас жана Баткенде онлайн жана оффлайн режиминде өткөрүлгөн практикалык тренингдерге чоң кызыгуусун билдиришти. Жалпысынан 159 дарыгер, 18 клиникалык ординатор жана 62 медайым окутулду.

Ооруканадан тышкары паллиативдик жардам көрсөтүү бейтаптар үчүн эң ыңгайлуу жана экономикалык жактан туура негизделген. 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, үйдөгү палиативдик жардам, мындай оорулуулардын стационардык дарылануусуна караганда орто эсеп менен 3 эсе арзан чыгат.