«Феномен» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен көрүү жөндөмдүүлүгү чектелген балдар үчүн эки интернаттын башталгыч жана жогорку класстын окуучулары үчүн 3D продуктуларынын (жардамчы окуу куралдарынын) презентациясын өткөрдү.

Боло турган презентацияда «Феномен» коомдук фондунун  өкүлдөрү «Азиз жана көрүүсү начар балдарга жардам берүүчү окуу куралдарды жаратуу» долбоорунун жыйынтыктары жөнүндө баяндап беришти. Долбоордун негизги идеясы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн эки мамлекеттик атайын мектеп-интернатында жардам берүүчү окуу куралдарын иштеп чыгаруу жана окуу процессине киргизүү болгон.

Фонддун ишинин натыйжасында 3D продукциясынан 1000 даана продукция өндүрүлгөн. Анын ичинде 3D принтердин жардамы менен: адамдын баш сөөгү, ички күйүү кыймылдаткычы, космос кемеси, сааттар, геометриялык фигуралар, математикалык сандар, үй жаныбарлары, деңиз жана жапайы жаныбарлар, күн системасынын планеталары жана башка көптөгөн буюмдар үч өлчөмдүү форматта басылган. «Биздин 3D куралдарыбыз уникалдуулугу бул материалдык дүйнөнүн изилденген буюмдары жөнүндө аудио маалыматты атайын спикер аркылуу кайра чыгаруу жөндөмүндө», — дейт долбоордун директору Искендер Султаналиев.

Андан тышкары фонддун башчысы республиканын аталып кеткен эки интернатта 500 азиз жана көрүүсү начар окуучу билим алып жаткандыгын айтты. Балдарга сабактарды жакшы өздөштүрүүгө жардам берүү үчүн мектептерде окуу куралдары жетишсиз. Интернаттын дээрлик ар бир китеби, биринчи класстан он биринчи класска чейин, көрүүсү начар балдардын ар кандай сабактар боюнча билимди өздөштүрүүсүнө жардам берүү үчүн иштелип чыккан чоң түстүү чиймелер менен жабдылган. Бул биология сабагындагы адам денесинин анатомиялык түзүлүшү, геометрия сабагындагы ар кандай фигуралар, астрономия сабагындагы астрономиялык денелери жана окуу китептериндеги бардык сүрөттөр эки өлчөмдүү (2D) форматта басылган жана азиз окуучулар үчүн жеткиликтүү эмес.