2021-жылдын 13-октябрында, саат 18: 00дө, МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында, «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен, «Искусство базары» көргөзмөсү башталып, 19-октябрга чейин болуп өтөт.

Көргөзмөгө «Искусство базары» фондунун коллекциясынан алынган көркөм чыгармалары биринчи жолу  коюлат. Алардын ичинде: графика, живопись, фотография, басма жана башка искусство объекттери көргөзүлөт.

Искусство базары — Борбор Азиянын заманбап искусствосун сатуу жана сатып алуу үчүн онлайн платформа катары жаратылган. Бул платформа бир жыл мурун, 2020 -жылдын апрель айындагы карантин мезгилинде, көркөм коомчулукту өз ара колдоо форматы катары пайда болгон. «Искусство базарынын» Facebookтагы группасына 3000ге жакын адам катталган: бардык Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрү, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн коллекционерлери кирет.

Коронавирустун изоляциясы жана аны менен күрөшүү үчүн административдик чаралар Борбор Азиянын көркөм коомчулугу үчүн коркунучтун жана аман калуунун учуруна айланды. Бирок, бул карантин, жабылуу, коменданттык саат жана мажбурланган обочолонуу жаңы күч алып, уникалдуу жаңы кырдаалды түздү.

Жагдайдын жемиштеринин бири «Искусство базары» болуп чыкты — социалдык медиа эксперименти 3000+ кишиден турат, аны архитектор / сүрөтчү Медер Ахметов, сүрөтчү Дарина Манасбек жана консультант / активист Филипп Рейхмут баштаган. Бул бир эле учурда медиа эксперимент, жамааттык спектакль, формалдуу эмес искусство базары, ошондой эле кризистеги сүрөтчүлөр үчүн аман калуунун каражаты. Борбордук Азиянын алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн жана заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин чогулткан «Искусство базары»  фондунун коллекциясы бул аман калуу экспериментин тастыктаган документ болуп калды. Бүгүн баштала турган көргөзмөдө бул коллекция жана бүтүндөй «Искусство базары» эксперименти биринчи жолу жалпы коомчулукка сунушталат.

Көргөзмө МИКСТУРА фестивалынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен өтүүдө.

Ачылыш күнү: 13 -октябрь, саат 18:00
Дареги: Московская, 150, көчөсү  (мурдагы «Диван-Диваныч» дүкөнү)
Иштөө убактысы: саат 14:00-20:00, 14-октябрдан 19-октябрга чейин
Байланыш номери: 0550105861