Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө карата 2021-жылдын 8-октябрында Кыргызстанда кризистик мезгилде өлкөнүн калкынын психикалык жыргалчылыгын коргоого арналган психиатрлар менен медициналык психологдордун форуму өттү.

Форум COVID-19 пандемиясында да, Баткен окуяларында да, Кыргызстандын калкына психологиялык жардам көрсөтүү үчүн «Восстановление» (калыбына келтирүү) долбоорунун алкагында өттү. Жардам COVID-19 вирусунан айыгып кеткендерге, алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарынан, туугандарынан айрылган адамдарга гана эмес, медициналык кызматкерлерге, дарыгерлерге, ыктыярчыларга, мугалимдерге жана өспүрүмдөргө да багытталган. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан колдоого алынып, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Республикалык психикалык ден соолук борбору, Кыргыз психиатриялык ассоциациясы, Кыргыз-Орус Славян университети, «Үй-бүлө жана коом» коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Психикалык ден соолук форумунда талкууланган негизги темалардын бири — бул ооруга чалдыккан адамдардын психикалык жана когнитивдик бузулууларынын өнүгүшүнө коронавирустун таасири. Изилдөөлөргө ылайык, COVID-19дун кесепеттерине деменциянын, айрыкча Альцгеймер оорусунун өнүгүшү жана көрүнүшү кириши мүмкүн. Анын себеби SARS-CoV-2 вирусунун деменциянын өнүгүшүнө түрткү берген гендерге жана белокторго окшош экендигине байланыштуу. Ошондой эле, форумдун катуушучулары Кыргызстандын түштүгүндө психологиялык жардам кызматтарын колдоо жана кеңейтүү темасына өзгөчө көңүл буруп, талкуу жүргүзүштү.