Ош шаарында сүрөтчүлөрдүн музейлер менен өз ара байланышын талкуулоо, тарыхый жана маданий жерлерди кыдыруу аркылуу өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында уюштурулган Андижан, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларынын он сүрөтчүсүнө арналган беш күндүк аймактык (көркөм) арт-резиденциясы аяктады. Иш-чара Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде, «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен өттү.

Иш-чаранын тренери — КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Сүрөтчүлөр союзунун жана Дизайнерлер союзунун мүчөсү Гамал Бөкөнбаев айтып кеткендей — сүрөтчүлөр социалдык маселелерди өз эмгектеринде чагылдыра алат жана чагылдырууга тийиш. Ошондуктан алардын чыгармалары өзүнчө окуяга айланат. Ал мисал катары чоң резонанска ээ болгон Бишкекте «Жаңы социал реализм» жана Ошто «Авангард Түштүк — 2021» аттуу эки көргөзмөнү көрсөттү. Мында заманбап көйгөйлөрдү коомчулукка кантип чыгармачылык аркылуу көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Уюштурулган лекциялардын темалары ар түрдүү болду. Мисалы, дизайнер, сүрөтчү, фотограф Наталья Андрианова социалдык плакаттар аркылуу экология, саясат, билим берүү, аялуу адамдар жана жарандардын укуктары боюнча учурубуздун курч көйгөйлөрүн туура чагылдыргунун мааниси жөнүндө айтып берди. «Плакаттын кайрылуусу туура багытта болуусу абдан маанилүү. Көрүүчү аны карап, көпкө ойлонбошу керек».

Изилдөөчү, антрополог жана жарандык активист Алтын Капалованын искусство аркылуу жарандык катышуу боюнча сүйлөгөн сөзү угуучулардын арасында чоң кызыгууну жаратты. «Көптөгөн эл аралык уюмдар сүрөтчүлөрдү чыгармачыл ой жүгүртүүсү үчүн кызматташууга тартат, анткени искусствонун тили баарына түшүнүктүү. Жаңы реалдуулукту куруу азыркы заманда өзгөчө зарыл. Чыгармачыл адамдар мүмкүн болушунча көз карандысыз болушу керек». Мисал катары, Алтын, актуалдуу көйгөйлөрдү кантип чыгармачылык иш-аракеттерде, инсталляцияларда, спектаклдерде, плакаттарда жана башка жолдорунда чагылдыруусун айтып берди. Анын пикиринде, артисттер киреше издөөдөн тышкары социалдык жүктү аткарып жатышканын унутпашы керек. Алар социалдык адилетсиздикти, кысымга жана чектөөлөргө макул эместигин көрсөтө алышат жана көркөм активдүүлүк аркылуу нааразылык билдире алышаарын билдирди. Бул үчүн мүмкүн болгон кесепеттерге даяр болуу үчүн жетишерлик тайманбастык керек. Капалова кошумчалагандай, ал аймактарда көп иштейт, жергиликтүү усталар бул багытта өздөрүн кантип көрсөтүшөрү кызык болмок.

Ошондой эле арт-резиденциянын алкагындагы төмөнкү темалар боюнда талкуулар ​болду: ислам дүйнөсүндөгү көркөм искусство, заманбап искусствого тиешелүү араб искусствосунун актуалдуулугу.

Андижандык сүрөтчү Муротвай Умаров иш-чарага чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылыкка багыт берүү менен талкууланган темалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми арт-резиденциянын эң жаш катышуучусу, 26 жаштагы сүрөтчү, мугалим Аруке Садыкова экология темаларына кызыгып каланын белгиледи. Иш-чаранын ичинде бир катар эскиздерди түзүп, алар толук кандуу чыгармалардын негизи болуп калаарын айтып берди.

Музейдин директору Бактыгүл Мидинова искусствонун бириктирүүчү күчүн баса белгилеп, көркөм чыгармаларды үйрөнүү жана түзүү үчүн маалымат платформасы катары ийгиликтүү кызмат кылган музейдин чыгармачыл адамдарга берген мүмкүнчүлүктөрүн эске салды. Арт-резиденциясынан кийин, катышуучулар декабрь айында Оштогу Көркөм сүрөт музейинде өтө турган акыркы көргөзмө үчүн иштерди жасай башташат.