Өткөн аптада Бишкек шаарын жакшыртуу боюнча идеяларынын хакатонунун уюштуруучулары катышуучулар менен маалыматтарды чогултуу ыкмаларын жана алардын шаардын өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизе турганын талкуулашты.

Маалымат сессиясында «Сорос-Кыргызстан» фондунун директору Шамил Ибрагимов өз шаарына кайдыгер эмес жарандарды борбордун өнүгүшүнө салым кошо турган маанилүү көрсөткүчтөрүн өлчөө боюнча өз ойлорун айтууга чакырды. Шамил белгилегендей, жолдордун жана тротуарлардын абалы сыяктуу негизги багыттардан тышкары, шаардагы аялдар үчүн коопсуз шарттарды түзүү идеялары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдүү чөйрө жана шаарларды жашылдандыруу боюнчадолбоорлор да кабыл алынат .

Мисалы шаардын жашоочуларынын эмоционалдык абалын көзөмөлдөө, эң тынчсыздандыруучу жана тескерисинче шаардын эң бактылуу жерлерин картага түшүрүү идеясы да болот. Бул маалымат шаардыктардын нааразычылыгынын себептерин талдоодо жана аныктоодо биринчи кадам болуп бере алат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Акселератордук лабораториясынын өкүлү Виктория Петрова реалдуу убакыт режиминде жаңыртыла турган динамикалык маалыматтарды чогултуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Крауд-мэппинг» (калкты картага түшүрүү) ыкмасы бул үчүн эң ыңгайлуу маалымат түзүү методологияларынын бири болуп эсептелет.

Идеялар хакатону Бишкекти трансформациялоого, жарандык катышууну күчөтүүгө жана жалпыга жеткиликтүү визуалдаштырылган маалыматтарды колдонуп, шаардын көйгөйлөрүн жакшыраак түшүнүп, натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле муниципалдык кызматтардын ишин визуалдуу түрдө көзөмөлдөөгө ниеттенүүдө.

Шаардык изилдөөчүлөр, жарандык активисттер, маалымат ышкыбоздору жана башка кызыкдар адамдар катышууга чакырылат. Катышуучулардын IT көндүмдөрүнө ээ болушу талап кылынбайт. Жеке жана топтук арыздар кабыл алынат.

Иш-чараны Кыргызстандагы социалдык инновациялар лабораториясы, «Сорос-Кыргызстан» фонду менен өнөктөштүктө Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын Акселератордук лабораториясы менен биргеликте уюштурууда. Хакатондун негизги максаты: Civic City Dashboard (шаардык маалымат панели) платформасы үчүн шаардык маалыматтарды иштетүү жана чогултуу боюнча идеяларды жаратуу. Хакатондун ичинде тандалган идеялар практикалык ишке ашыруу үчүн иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан каржыланат.

Команда катары катталгандар үчүн: https://bit.ly/3Fmhqjf
Жеке кытышуучулар үчүн каттоо формасы: https://bit.ly/3BojmW3

Civic City Dashboard панелинин Идеялар Хакатону
Иш чара боло турган убакыт: 2021-жылдын 23 октябрында, саат 10.00
Дарек: АУЦА, Аалы Токомбаева, 7/6, к
өчөсү
Суроолор жана байланыш үчүн: Отабек Нигматов, +996 553 580 505, nigmatov_o@auca.kg