«50 000 программист — Бир үй-бүлө — Бир программист» долбоорунун алкагында баардык багыттарынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырууга арналган расмий иш-чара өттү. Боло турган иш-чарага ардактуу коноктор жана көптөгөн өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү, долбоордун демөөрчүлөрүнүн өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министри жана ошондой эле Кыргызстандын алгачкы IT-компаниялардын өкүлдөрү чакырылган.

Кыргыз программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясы «50 000 программист- Бир үй -бүлө -Бир программист» долбоорун бир жарым жылдан бери өз ишин ийгиликтүү ишке ашырууну улантууда. Долбоордун алкагында калктын аярлуу катмарына кирген жарандарды жаңы мезгил талап кылган кесиптерге онлайн форматта окутууну жүргүзүүдө. Долбоор IT жана санариптик маркетинг боюнча адистерди даярдап чыгарат жана эң мыкты студенттерге жумуш табууга көмөк көргөзөт.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде долбоорго катышуу үчүн 4000ден ашуун арыз кабыл алынган. Анын ичинен 600дөн ашыгы окуусун аяктап жана ондогон бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыз болушкан. Тандалган долбоордун катышуучулары Кыргызстандын баардык региондорунан жана калктын ар кандай категорияларын камтыйт. Анын ичине жумушсуздар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү, жалгыз бой энелер жана ошондой эле эмгек миграциясында жүргөн мигранттар кирет. Катышуучулардын жарымынын көбүн аялдар түзөт. Уюштуруучулар убада бергендей, ийгиликтүү студенттерге 5 ноутбук берилген. Өз кезегинде, бул студенттер өздөрүнүн ноутбуктарын, ноутбук сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбогон башка студенттерге белек кылышкан.

Бул долбоор эл аралык уюмдар, анын ичинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, «М Булак» МКК , Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Winrock International тарабынан ишке ашырылган Ошондой эле USAIDдин «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору жана көптөгөн жергиликтүү жана чет өлкөдөгү жарандар тарабынан колдоого алынган.