Журналисттик иликтөөлөр фонду “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен Кыргызстандагы белгилүү жана тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттеринин мастер-класстарынын сериясы улантыла башталганын маалымдайт. Иликтөөчү журналисттер жеке тажрыйбасы жана журналистик иликтөө чөйрөсүндөгү билими менен бөлүшөт. Катышуучулар кызыктырган баардык суроолоруна жоопторду ала алышат жана спикерлер менен онлайн-форматта маектеше алышат.

Мастер-класстарга катышууга журналистика факультеттеринин жогорку курстарынын студенттери, журналисттер, жарандык активисттер, ошондой эле бардык каалоочулар чакырылат. Мастер-класстар 2021-жылдын 15-октябрынан тарта 10-декабрына чейин аптанын ар жума күндөрү саат 17:00 дөн  18:30га чейин онлайн форматта кыргыз тилинде өткөрүлөт. Катышуу акысыз.

Буга чейин 2 мастер-класс өткөрулдү.   Катышуучулар мастер-класс учурунда кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышты. Ошондой эле, алар иликтөө журналистикасы боюнча онлайн мастер-класстарда белгиленген темалар бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу туура тандалганын экенин айтып, тажрыйбалуу журналисттерден алынган кеп-кеңештер журналисттердин билимин жогорулатууда абдан пайдалуу болуп жатканын белгилешүүдө.

Мастер-класттарды төмөнкү спикерлер өткөрөт:

  • Сабыр Абдымомунов, Медиатренер, «Азаттык» радиосунун журналисти;
  • Нурлан Адаев, Иликтөөчү-журналист Balingcat интернет-басылмасынын стипендианты;
  • Саадат Тологонова “Кloop” медиасынын журналисти;
  • Асель Сооронбаева, Factcheck.kg сайтынын журналисти;
  • Алтынай Исаева, «Медиа Полиси Институту» коомдук фондунун юристи;
  • Кубат Касымбеков, «Азаттык» радиосунун журналисти.

Мастер-классттарга катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу https://forms.gle/WgesXnPpef4afpN27 каттоодон өтүү зарыл. Каттоодон өткөн катышуучулар  көрсөтүлгөн баардык мастер-класттардан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Иш чара Фонд «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында өтүүдө.