Сөз эркиндигин, журналисттердин укуктарын коргоо, медиа тармакта алектенгендердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барган бир катар медиауюмдардын өкүлдөрү 15-ноябрда Талас облусунун журналисттери менен жолугушууда.

Түшкө чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун катышуусу менен өткөн жыйында аймактагы ЖМКлардын абалы, маселелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен алака-мамилелери, аларды жакшыртуунун жолдору талкууланмакчы.

Ал эми түштөн кийин жергиликтүү медиа кызматкерлер кесиптик ишмердүүлүгүндө баштарынан кечирип жаткан маселелер боюнча медиа адистерге суроолорун узатып, кеп кеңештерди ала алышат.

Медиа тармагында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын, адистердин көбү Бишкек калаасында жайгашып, аймактык журналисттерге алардан эксперттик, юридикалык жардамдарды алуу көп кыйынчылыктарды жаратып келет. Ушул таңсыздыкты чечүү жолунун бири катары курамына белгилүү медиа адистер кирген топ менен аймактарды кыдырып, жергиликтүү журналисттер жана да бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландаштырылган.

“Медиакербендин” курамына “Журналисттер” жана “Журналисттердин көз карандысыз союзу” коомдук бирикмелеринин, “Медиа полиси институту”, “Медиа өнүктүрүү борбору”, “Журналисттик иликтөөлөр фондусу”, “ММКга колдоо көрсөтүү” коомдук фондуларынын, “ЖМКларга даттанууларды териштирүү” комиссиясынын, Prevention Media, Factcheck.kg сайтынын өкүлдөрү кирет.

Ар бир аймактагы жолугушуулардын жыйынтыгында аймактагы медианын абалы тууралуу аналитикалык материалдар даярдалып турмакчы.

“Медиакербен” “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен ишке ашырылууда.

2022-жылдын май айына чейин медиа адистер өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп келет.

Толугураак маалыматты төмөнкү даректерден ала аласыздар:
0772 28 18 78 Марс Тулегенов
0777 45 10 83 Марат Токоев