Ош шаарында 2021-жылдын 30-ноябрында “Иликтөө: Майып балдарды реабилитациялоо борборунун жерлерин сатып акча жасаган Ош мэриясы” аталышта 2021-жылдын 20-августунда жарыяланган макалада айтылган фактылар боюнча коомдук талкуу өтөт. 

Журналисттик иликтөөгө ылайык, «Аяр бала» реабилитациялык борбору — майыптыгы бар жаш балдардын ден соолугун чыңдаган Ош шаарындагы жалгыз мекеме. Ал болгону 70 бейтапка гана ылайыкталган, бирок ал жерге бардык түштүк региондордун тургундары кайрылышат. Мындан улам реабилитациялык борбордо орундар жетишпей, кезек күткөндөрдүн саны арбын. 

“…Көптөгөн ата-энелер «Аяр бала» балдарынын саламаттыгын чыңдоо үчүн борбордо балдары менен калууга аргасыз. Мурда борбордо бир ай убакытка калып, дарыланууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок бүгүнкү күндө, медициналык мекемеде 10 күн гана дарыланса болот. Анткени болгону 70 орунга ылайыкталган борбордо дайыма бош орун жок. Реабилитациялык борбордун директорунун айтымында, бейтаптар үч айлап кезек күткөн учурлар болот.” 

Аны кеңейтип, жаңы имараттарды куруп жана кызматкерлердин санын көбөйтүүнүн ордуна Ош шаарынын мэриясы медициналык мекеменин үчтөн бир бөлүгүн жеке жактарга сатып жиберген. КЛООП Журналисттик иликтөөлөр фондунун колдоосу менен иликтөө жүргүзүп, жерлерди ким мыйзамсыз сатканын, аларды кимдер сатып алганын аныктады. 

Бул иш-чара журналисттик иликтөө тууралуу коомчулукту маалымдоо, аныкталган фактылар боюнча компетенттүү органдар жана кызыктар болгон жактардын ортосунда диалог түзүү жана иликтөөдө көтөрүлгөн маселелерди чечүү максатын көздөйт. 

Иш-чарага Мэрия жана Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы өкүлдөрү, “Аяр бала” борборунун администрациясы, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, активисттер, юристтер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешкен ӨЭУлар, ЖМКлар жана башка кызыктар болгон жактар чакырылат. 

Иш-чаранын уюштуруучулары: Журналисттик иликтөөлөрдүн фонду Kloopтун Оштогу журналисттери менен биргеликте. 

Дата: 30-ноябрь 2021 ж.
Кайсы жерде: “ЭкоДом” мейманканасынын конференц-залы (М. Аматов 25 көчөсү)
Убакыт: 14:00-16:00 

Иш-чарага катышуу үчүн https://forms.gle/ZVMpTh3Toq49qnxo8 шилтемеси аркылуу 29-ноябрга чейин катталуу керек. 

Байланыш үчүн: Гүлмира Эсенгелдиева, Журналисттик иликтөөлөр фондунун долбоорунун координатору: +996700 777-856, g.esengeldieva@gmail.com 

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтөндүрүү» долбоорунун алкагында “Клооп Медиа” КФ тарабынан даярдалган.