24-ноябрда, 2021-жылы Бишкек шаарында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен фотожурналист Гулиза Урустамбек кызы өзүнүн “Кыргызстандын элинин тынчсыздануусу жана үмүтү” аттуу Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган фотодолбоорун тартуулайт. Фотодолбоордо Республиканын ар кандай региондорунда жашап, көптөгөн кыйынчылыктарга карабай өз ишин сүйүп иштеп келе жаткан 10 адамдын бир күндүк жашоосу чагылдырылган.

Долбоордо, Кыргызстандын караңгы шахталарында иштеген шахтерлор, күн сайын 10 чакырым алыстан жөө басып иштеген фельдшер, өлүктөрдүн арасында күн кечирген соттук-медициналык эксперт, зымсыз чек араны коруган аскер, талкаланган заводдо иштеген инженер жана тоо койнунда илбирстерди коруган егерь сыяктуу 10 кесиптин ээсинин жашоосу сүрөттөлөт. Бул фотобаяндардын баары “ПолитКлиника” медиасынын сайтына жана дагы башка бир катар республикалык медиаларга жарыяланган.

Фотодолбоордун максаты Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, медицина, билим берүү, искусство жана экономика тармагына кандай көңүл бурулганын жөнөкөй адамдардын жашоосу аркылуу көрсөтүп берүү.

Фотожурналистика Кыргызстанда көп өнүкпөгөн жанр болсо да, бул фотодолбоор өзгөчө аймактардагы адамдардын жашоосун, жумушсуздук маселесин жана экономикалык кыйынчылыктарды башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүк берет.

Фотожурналист Гулиза Урустамбек кызынын бул биринчи жолу жасап жаткан көргөзмөсү. Анын фотодолбоорлору “ПолитКлиника” медиасынан сырткары чет өлкөлүк маалымат каражаттарында дагы жарыяланып келет. Мисалы, Түркиянын “Анадолу” жана Американын “Getty İmages” фотоагенттиктерине да бир канча сүрөттөрү жарыяланган.

Долбоор, MediaJasa долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жана “İDEA CAнын” каржылоосу менен ишке ашырылды.

Көргөзмөнүн ачылышы: 24-ноябрь, 15:00
Иштөө мезгили: 2021-жылдын 24-ноябрынан 8-декабрына чейин
Өткөрүлүүчү жери: Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи
Дареги: Абдырахманов көчөсү 196