Медиа Полиси Институту, Фонд «Сорос-Кыргызстан» жана Central Asia Design Hub менен өнөктөштүктө 2022-жылдын 9-февралынан 12-февралга чейин «Ашуу» конок үйүндө (Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан) көчмө иш-чара өткөрөт. Иш-чарага катышууга Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан редакторлор жана журналисттер чакырылат. Көчмө тренингдин максаты – укуктук коопсуздук, кесиптик ишмердиктеги киберкоопсуздук жана журналисттердин психологиялык-эмоционалдык жактан чарчоосунун алдын алуу жаатындагы билимди жогорулатуу. Бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча редакциялар менен кошумча иштер жүргүзүлөт. Тренерлер редакциялар үчүн техникалык коопсуздук боюнча кошумча консультацияларды, ал эми айрым журналисттер үчүн жеке консультацияларды өткөрүшөт.
Тренинг кыргыз тилинде өтөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
* тренинг өтчү жайды ижарага алууга кеткен чыгымды,
* «Ашуу» конок үйүндө жашаганга жана тамактанууга жумшалган чыгымды,
* Бишкек-«Ашуу» конок үйү-Бишкек багыты боюнча транспорттук чыгымдарды,
* Ош-Бишкек-Ош каттамы боюнча авиа билеттердин баасын төлөп берүүгө,
* «Манас» аэропортунан алып келип, кайра жеткирүүгө кеткен жол чыгымдарын
толугу менен төлөп беришет.
Катышуучулар Бишкек шаарына чейин жана кайра үйүнө жеткирген транспорттун чыгымдарын, ошондой эле «Ашуу» конок үйүнүн сыртында тамактанууга кеткен күнүмдүк чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөшөт.
Көчмө иш-чаранын катышуучулары конкурстун негизинде аныкталат. Конкурска катышуу үчүн 2022-жылдын 26-январы, саат 18:00гө чейин анкетаны толтуруп, сурамжылоодон өтүш керек: https://forms.gle/CAUS1ZXCN9CrY3CG9
Тандоо критерийлерине жооп берген конкурсанттар иш-чара тууралуу толук маалыматты камтыган чакыруу катын алышат. Кошумча суроолорго жооп алуу үчүн Медиа Полиси Институтунун электрондук дарегине кат жазсаңыз болот: institutemediapolicy@gmail.com.