2022-жылдын башына карата Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны 6,5 эсеге көбөйгөн. Мисалы, эгер январдын алгачкы 7 күнүндө 647 адам катталса, акыркы жумада 4188 оорулуу катталган. Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти шашылыш түрдө «Сорос-Кыргызстан» Фондуна «118» ыкчам байланыш кызматына кошумча операторлор бригадасын ишке тартууга колдоо көрсөтүү боюнча расмий кайрылуу жолдоду.

Фонд коронавирус башталгандан бери үзгүлтүксүз колдоонун негизинде бул жолу кошумча 17 кызматкер жалдоонун чыгымдарын алып, ошондой эле «118» ыкчам кызматынын ишин күчөтүү боюнча консультациялык жардам көрсөтөт. Андан тышкары, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан мындан аркы каржылык колдоосу жөнүндө макулдашуу процесси жүрүп жатат.

«2021-жылдын июлунан сентябрына чейин созулган 3-толкундун аяктаганынан кийин «118» ыкчам байланыш кызматы аз сандагы операторлор менен план боюнча узгултуксуз иштеди. Бирок, биздин өлкөдө кыйла жугуштуу Омикрон штаммынын пайда болушу оорунун дагы агрессивдүү формада жаңы очогуна алып келди», — дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков. «Ошол себептен шаардык бийликтер бизге кайрылышып, тейлөө операторлорунун жүктөмүнүн кескин көбөйүшүнө байланыштуу чукул чараларды көрүү зарыл болгонун билдиришкен».

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын пайда болушу менен «118» ыкчам байланыш кызматынын иши, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун туруктуу колдоосу менен, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп, саламаттыкты сактоонун коргонуусунун биринчи линиясы катары жардам берип келе жатат.

Маселен, 2020-жылы, 118 ыкчам байланыш долбоору Кыргыз Республикасында COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүгө олуттуу таасирин тийгизип, бир топ оор кесепеттерден алыс болууга жардам берди. Дал ушул жылдын июль айында өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумуна эң чоң жүк жана эң көп жоготуулар катталып, 118 колл-центрине чалуулардын рекорддук саны катталган — 108 054. Бул долбоор медициналык жардамдын баштапкы деңгээлинде маалымат берип, олуттуу таасирин тийгизди, ошону менен эпидемиянын жайылуу коркунучун кыйла төмөндөдү .

2021-жылы үчүнчү толкунда (июль-август айлары) эки айдын ичинде 94 299 жарандын кайрылуулары каралды. Бул көрсөткүч 100 миңге жакын жарандын ооруканаларга жатпай үйдө дарыланышына таасир эткенин күбөлөндүрөт. Антпесе, ооруканаларда керебеттердин ашыкча жүктөлүшү болуп 2020 жылдын оор абалы кайталанышы мүмкүн болот эле. Кайрылуулардын ичинен 81 121 жаранга алгачкы кеңештер берилген. Ал эми 13 178 жаранга коронавирус оорусуна жукканына байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун мобилдүү топтору жөнөтүлгөн.