Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, 28-январда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарды коргоо» виртуалдык тегерек столу өткөрүлөт. Жыйындын уюштуруучулары кыргызстандыктардын жеке маалыматтары интернет мейкиндигинде кантип корголгондугу боюнча илимий эмгектерин сунушташат. Интернет коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн изилдөөчүсү Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда өз кызматтарын жана товарларын саткан 500дөн ашык интернет сайттарды изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырууда. Жылдыз Тегизбекова жеке маалыматтарды коргоонун укуктук механизмдери тууралуу айтып берет.

Интернет-эксперттердин айтымында, изилденген компаниялардын басымдуу көпчүлүгү жеке маалыматтарды мыйзамсыз чогултушат. Чогултулган жеке маалыматтардын тизмеси (аты-жөнү, дареги, банк картасынын номерлери жана башка маалыматтар) жөнүндө колдонуучуларга кабарлашпайт, ошондой эле алардын укуктары жөнүндө маалымат беришпейт. Ошондой эле колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо шарттары, аларды коргоо, чогултуу жана иштетүү максаттары жөнүндө да кабарлашпайт.

«Биздин изилдөөбүз боюнча, жеке маалыматтарды чогулткан 180 веб-сайттын 35и гана маалыматтарды чогултууга элдин макулдугун сурайт. Мындан тышкары, веб-сайттардын 40% Кыргызстандын сыртында жайгашкан. Ошол эле учурда алты гана компания макулдук формасында трансчек аралык маалыматтарды берүү боюнча пункттарды көрсөттү», — деп белгилейт Нурбек Арзымбаев.

Эксперттер ошондой эле КР тиешелүү мыйзамдарын кылдат изилдеп чыгып, өлкөнүн мыйзамдарында олуттуу кемчиликтер бар деген бүтүмгө келишкенин белгилешти. Мисалы, макулдуктан баш тартуу укуктары так жазылган эмес. Электрондук макулдукту (электрондук кол тамга гана) берүүдөгү кыйынчылыктар бар, жеке маалыматтардын агып кетиши жөнүндө кабарлоонун стандарттары жок, маркетингдик каттарга жана балдардын жеке маалыматтарын коргоого жазылуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк жок.

Ошондой эле алар маалыматтардын сыртка чыгып кеткен учурларынын бири менен бөлүшүштү, — «Изилдөөнүн жүрүшүндө жарандар ПЦР анализин тапшырган ооруканалардын бирине суроо-талап жөнөттүк. Тесттин жыйынтыгын ала турган WhatsApp телефон номурлары бар маалымат бар болчу.Ал маалыматты колдонуп, биз бир өтүнүч менен ошол күнү текшерүүдөн өткөн адамдардын толук тизмесин (103 адам) ала алдык. Анда толук аты-жөнү, туулган күнү жана ПЦРдин жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Ар кайсы өлкөлөрдө ушуга окшош маалыматтардын ачыкка чыгышы 2020-жылы ар кандай зомбулука алып келген. Бул жеке маалыматтар боюнча мыйзамдарды сактабоонун жакшы мисалы болуп саналат».

Тегерек стол онлайн режиминде 2022-жылдын 28-январында төмөнкү шилтеме боюнча өтөт: https://zoom.us/j/95093528932?pwd=aXppT3EzOVdjaE9VYTk1Rm12S2QxZz09

Башталышы саат 10.00.