Миллиондон ашык мигрант чет жакта. Көбүнүн балдары ата-энесинин мээримин көрбөй өсүп жатат. Балдарды статистика менен гана айтып коёбуз, бирок окуяларын уккан эмеспиз. Ошол статистикадагы ар бир сандын аркасында балалыгын түрдүү сыноо, кусалык, оор сокку менен өткөрүп жаткан бөбөктөрдүн аянычтуу балалыгы бар экенин унутпайлы…

Ар бир баланын өзгөчө окуясы бар, бул тууралуу барыбыз билебиз, бирок ал балдардын үнүн укпайбыз. Долбоорубуздан улам психологдор ар бир жеткинчек менен байланыша баштаган сайын, бул көйгөйдүн канчалык чоң экенин билдим. Ар биринин жанына барып, маңдайынан сылап, колуман келген нерсени бөлүшүп, ыйласа соороткум келди. Өзүмдүн балачагымдагы атама болгон кусалык кайра эсиме түшүп, балким, кандай чечим кабыл алсам деп бир тыянакка келе албай жаткан кайсы бир ата-эне бир беткей бүтүмгө келип, «балдарымдын маңдайында болоюн» деп калабы деген ниетте кыска ой толгоомду жаздым.

Мен анда алты жашта элем. Өзүмдүн бала кезимди эстедим. Бала чагым 90-жылдарга туш келген. Анда тамак-аш жетишсиз эле, улпактан нан жегендер аз эмес болчу. Эстесем, чоң-кичине дебей шымдын тизелери айрылгандыктан жамаачысы жармашып жүрчү. Байпактарда болсо кабат-кабат жамаачы. Айрымдары таманын жумшак булгары менен да каптап салган. Жетиштүү турмушта эч ким андай кылбайт да. Ошондой заман болсо да ата-энем мени таштаган эмес, чет жакка кеткен эмес. Элдин балдары да, досторумдун барынын ата-энеси жанында болчу. 1993-жылы атам эки айга Германияга окууга кеткен. Мен алты жашта болчумун. Ушунча куса болуп, эки айдан кийин ооруп калганым эсимде. Атамдын көйнөгүн жыттатып коюшканы азыр да күну бугункүдөй көз алдымда… Сагынуу, кусалык деген — баланы эзген дарт. Мен мунун жон терим менен сезгем. Атам үйгө кирээр замат айыгып кеткем. балким азыр да далай бөбөк ата-энесинин кийимин жыттап, сүрөтүн тиктеп турган чыгаар…

Жүздөгөн, миңдеген окуялар, бир карасаң бири-бирине окшобогон тагдырларды айтышат, бир карасаң баарыныкы окшош. Көбүнүн ата-энеси эбактан бери Россияда. Балдар таяне, чоң энелердин, таяже, таажезделердин колунда. Кээ бири ата-энесин катуу сагынышса, көбү сагынбай да калган. Ата-энелер жөнөткөн акча тамак-ашына, кийимине жарап жаткандыр… Бирок мээрим болуп бере албайт да?

Ата-энесин сагынбай калуу эмнеден кабар берет? Бул коомго чоң коңгуроо эмеспи?

Ош облусунда жашаган 14 жаштагы Мубинанын ата-энеси бир нече ай мурда Россияга мигрант болуп кетишкен. Кичүү балдарын жанына алып кетишкен, бирок Мубинаны чоң энесине ташташыптыр. Мубина ачка калган жок, болгону ата-энесин катуу сагынып, ыйлап жүрөт. Алар менен байланышып турууга телефону жок. Чоң энесинин телефонун аз гана убакыт колдоно алат. Үйүндө китеп жок экен, болсо окумакмын дейт. Келечекте ЖОЖдун биринде окуп, дарыгер болгусу келет. Бирок эң эле чоң тилеги — ата-эне, бир туугандары менен аралаша жашасам дейт.

Бишкекте жашаган Аселдин апасы Россияга 10 жыл мурда кеткен, атасы бар, бирок башка бүлө күтүптүр. Аселди апасы таякесине таштап кеткен. Апасы менен байланышып турат, бирок сырдашып сүйлөшө албайт. Келечекте программист болгусу келет.

Баткен облусунда жашаган Ранонун апасы көп жылдан бери Россияда иштейт, Ранону таянесине таштаган. Атасы жок. Мурда эки буту тең басчу эмес, азыр болсо операциядан кийин таяк таянып басып калды. Сүрөт тартканга кызыгат, келечекте тигүүчү болгусу келет.

Ушул эле облуста жашаган Азаматтын ата-энеси ажырашып кеткен, апасы менен эч байланыш жок, атасы Россиядан акча салып турат. Чоң-ата, чоң-энесинин колунда. Китеп окууга кызыкпайт, көбүнчө бош убактысын телефон кармап, өткөрөт.

Талас облусунда жашаган Азизбектин апасы бир нече жылдан бери Түркияда иштейт. Атасы каза болуп калган. Таянесинин колунда.

Ысык-Көл облусунда жашаган Айзаданын ата-энеси ал кичинекей кезинде эле Санкт-Петербург шаарына кетишкен, анын дагы 3 бир тууганы бар. Алар атасынын инисинин колунда. Агасын анан жеңесин ата-энесинен да жакшы көрөт. Ата-энесин сагынбай да калган. Келечекте стюардесса болуп иштегиси келет.

Мунун баары чындыгында кыйла «жумшартылып» жазылган баяндар. Ар бири жүрөктөн өттү.

Жылдап ата-энесин көрбөй калуу балдар үчүн трагедия экенине ишенем. Алардын арманын өздөрү гана толук түшүнсө керек. Эмне кылабыз эми? Жашоо ушундай болуп жатат. Мүмкүн болсо эптеп айласын таап балдарын кошо ала кетишсе дейм. Долбоор аркылуу кичине болсо да жардамыбыз болсун деп, 90 улан-кызга китептерден белек кылып, жеткирттик. Эмне үчүн китептерден белек кылдык? Анткени тамак-аш бир күндүк, кийим кече 1 айлык жардам, ал эми туура китеп жашоону туура жакка өзгөртө алат. Окуяларды угуп жатып, ачка калган же кийим кечексиз калган балдарды кезиктире алганым жок. Арасында 5-10% балдар тамак, кийим-кечектен кем болушу мүмкүн, бирок мындан көп эмес. Балдардын бар тилеги ата-энеси жанында болушун каалашат. 5-6 жылдан ашып баратса балдар ата-энесин сагынбай калаарын байкадым десем ашыкча болбос. Мунун кесепети күтүп жаткан жокпу? Албетте, бул долбоор менен биз балдарга ата-энеси болуп бере албайбыз, болгону балким китеп бере алабыз, көйгөйүн угуп колдоо көрсөтө алабыз. Журналисттер, демөрчүлөр, кайдыгер карабагандар биз түзгөн сайтка кирип, балдардын маегин угуп, биз менен байланышып, жардам көрсөтсө болот. Жүздөгөн балдардын окуясын жыйнаганыбыздын дагы бир себеби: ушул жашообузду, бул доорду документтештирүү. Арадан көп жылдар өткөндө да, бул маектер азыркы доордун эстелиги болуп кала берет.

Тынчтыкбек Жанадыл. Каракол шаары.