2021-жылы Журналисттик иликтөөлөр фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Аймактарда иликтөө журналистикасын күчтөндүрүү жана өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырган.

Анын алкагында коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, медицина, адам укуктары, кен казуу жана экология боюнча 12 иликтөө колдоого алынган.
Ошондой эле, Ош шаарында окуу жана тренингдер уюштурулуп, Ош жана Баткенде 3 тергөө иштери боюнча 2 коомдук угуу өткөрүлдү.