2021-жылы жолбун иттерди атуу үчүн муниципалдык бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн, бирок борбор калаанын көчөлөрүндө жаныбарлардын саны азайбай, тескерисинче өсүп жатат. Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылы жалпысынан 17 миңдей ит жок кылынган, бирок бул максатка бөлүнгөн 3 миллион сом 70 миң жолбун ит атууга багытталган.

Өлгөн иттер менен эмне болот? Үйсүз жаныбарлардын санын көзөмөлдөөнүн кандай гумандуу жолдорун колдонсо болот? Сиздерди “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен ТВ Академиясы уюштуруп жаткан иттерди атуу боюнча иликтөө материалдарын (https://youtu.be/pl2Y4fL5-H0) жана бул көйгөйдү чечүүнүн альтернативалуу жолдорун талкуулоо үчүн тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара өтө турган жер: Park Hotel, Орозбекова 87 көчөсү
Убактысы: 10:00, 13-апрель, шаршемби
Уюштуруучу: ТВ Академия (0555251581)